Түркиянын Мугла шаарында "Тез жардам" кызматынын тик учагы оорукананын имаратын сүзүп кулады. Саламаттыкты сактоо министрлиги төрт киши – эки учкуч, дарыгер жана дагы бир медициналык кызматкер каза болгонун маалымдады. Кырсыкка калың туман себеп болушу ыктымал экени кабарланды.
Анталиядан бейтапты алып келгени бараткан тик учак көтөрулгөндон көп узабай кырсыкка кабылды. Мугла аймагынын губернатору Ыдрыс Акбийиктин айтымында, жабдык имараттын төртүнчү кабатына тийгенде учкучтар аны башкара албай калып, ээн турган аянтчага кулаган. Оорукананын ичиндеги же жердеги адамдардан эч ким жабыркаган жок.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр, башка чукул кызматтар тартылды. Маалыматтарга караганда, полиция теракт ыктымалдыгы төмөн деп эсептейт.
Дагы караңыз
Магдебургдагы трагедия: Шектүү исламга каршы көз караштары менен таанылганМетрону башпаанек кылган тургундар. Жол боюндагы базар (сүрөт баян)2024: Тыйылбаган зомбулук, бөөдө ажал тапкан кыз-келиндер