Орусиянын бийлиги Азов жана Кара деңиздин ортосунда май ташыган эки кеме кыйрагандан кийин жээктен мазут табылганына байланыштуу аннексияланган Крымдагы Керч (Керчь) кысыгында өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Жээкти тазалоого жүздөн ашык адам жана эки кеме тартылганын "РИА Новости" жазды.
15-декабрда Крымдын ортосундагы Керч кысыгында Орусиянын май ташыган эки кемеси "Волгонефть 212" жана "Волгонефть 239" кыйроого учураганын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген. Ага экипаждын туура эмес аракеттери себеп болушу ыктымалдыгы айтылган.
“Шаардын Орусия дайындаган башчысы Олег Каторгин бир күн мурда тургундарды ишке кошулууга чакырды”, - деп жазды "Крым.Реалии".
Танкерлер 9 миң тоннадай мазут ташып бараткан. Негизинен мунай Краснодар крайындагы жээкке куюлган. Орус бийликтеринин айтымында, куткаруу иштерине карабастан аймактагы суунун 54 чакырымы булганган. Бул бир нече күн мурда айтылган сандан көп.
Тазалоо иштерине миңдеген адам тартылды. Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев жээкти тазалоого бир айдай убакыт кетерин билдирди. Ыктыярчылар жээкти тазалоого техника жетишпей, булганган топурактар салынган мүшөктөрдөн мазут сарыгып агып жатканын айтышкан. Бул тууралуу "Кавказ. Реалии" жазды.
Эл аралык Greenpeace уюмунун изилдөө лабораториясынын башчысы бул Кара деңиздеги чоң техногендик кырсык болуп калышы мүмкүн деген камтамасын журналисттерге билдирген. Ал азыркыдай шартта деңизге куюлган майды чогултуу мүмкүн эмес экенин айткан. Кооптуу аймакта 10 миңдей канаттуу болушу ыктымал. Ал эми чөгүп кеткен танкердеги мазут узак убакыт бою сууда калышы ыктымал.
15-декабрда кыйроого учураган "Волгонефть 212" жана "Волгонефть 239" май ташыган эки кемеде экипаждын 13 жана 14 мүчөсүнүн бардыгы, бир моряк курман болгону кабарланган. Чукул кырдаалдар кызматы төрт киши дайынсыз экенин буга чейин билдирген.
Саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов "Волгонефть 212" кемесинин 11 морягы Анападагы ооруканага жаткырылганын, алардын экөөнүн абалы оор экенин айткан.
Орус бийлиги тараткан видеодо кеменин бири экиге бөлүнүп, тумшугу сууга тигинен туруп калганы көрүнөт. "Интерфакс" танкер 4,3 тонна мазут ташып баратканда катуу шамалдан улам кыйроого кабылганын жазган.
Интернеттеги ачык маалыматтар боюнча "Волгонефть 212" кемесинин узундугу 136 метр, туурасы — 16 метр. Кеме 1969-жылы курулган.
"Волгонефть 239" кемесинин узуну 132 метр, туурасы 17 метр, 1973-жылы курулган.
Дагы караңыз
Орусия 42, Украина 57 дронду атып түшүргөнүн билдирди Сүлүктүдө үч күндөн бери дайынсыз болгон жаран изделүүдөГермания: Жарманкеде кишилерди автоунаа менен тебелеп кеткен окуяда беш киши каза тапты Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду