Сүлүктүдө үч күндөн бери дайынсыз болгон жаран изделүүдө

ӨКМ тараткан сүрөт. 22-декабрь 2024-жыл.

Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын 44 жаштагы тургуну 19-декабрда үйүнөн кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 22-декабрда билдиргендей, жекшембиде издөө иштерине куткаруучулар да тартылды. Мындан тышкары милициядан жана жергиликтүү тургундардан жалпы 15 адам катышып жатат.

Жоголгон кишини алгач жакындары издеп, кийин милицияга жана ӨКМдин Сүлүктү шаардык бөлүмүнө кайрылышкан. (JsA)

Дагы караңыз

2024: Тыйылбаган зомбулук, бөөдө ажал тапкан кыз-келиндер Германия: Жарманкеде кишилерди автоунаа менен тебелеп кеткен окуяда беш киши каза тапты