"Кыргыз адабияты жаңы бийиктикке чыгарына ишенем"
Акын Афина Бакирова Бишкекте быйыл гана ачылган жогорку адабий курстан билим ала баштады. Калемгер бул жай өзүнүн келечегин адабияттан көргөндөр үчүн мыкты мектеп болот деп үмүттөнөт:
“Мен өзүм филологиялык билим албай калганым үчүн бул курс ачылганын укканымда эле дароо жетип келдим. Эң биринчи документ тапшыргандардын бири да мен болдум окшойт. Бул жактан өзүм ойлогондон да мыкты билим алып жатам. Себеби биз азыр кыргыз адабиятынын тарыхынан баштап чыгыш адабиятынын тээ тереңдеги тамырынан бери, ошондой эле антикалык адабиятты да тереңден окуп жатабыз. Бизге берилип жаткан сабактардан улам жакынкы беш-он жылдын ичинде биздин кыргыз адабиятынын деңгээли жаңы тепкичке сөзсүз көтөрүлүп, жаңы ысымдар жаркырап чыгып келет деп ишенем”.
Адабий курстун дагы бир угуучусу Кичиген Көчөрова да студент кезинен адабият дүйнөсүнө кызыгып, ыр, аңгеме жазып жүрчү экен. Бирок ал кийин калеми кыйла төшөлүп калган өзү тендүү акындарды көргөндөн кийин бул өнөрүн токтотуп койгонун айтат. Бул курс ага кайрадан өзүн сыноо үчүн жаңы мүмкүнчүлүк болуптур:
“Негизи студент кезимден эле поэзияга кызыгып, ыр чиймелей калып жүрчүмүн. Бирок кийин бирге иштеген кесиптешим, акын Нуриза Өмүрбаеванын ырларын уккандан кийин ыр жазгым келбей калган. Ошол эле маалда гонорар табуу үчүн угуп жүргөн окуяларды аңгеме кылып, адабий гезиттерге жарыялап турдум. Ал кезде эч ким сындачу деле эмес. Эми минтип бул курс ачылып, окуп жаткан учурум. Курс тууралуу Москвадагы Горький атындагы адабий институтту бүтүп келген ошол эле Нуриза сунуштап калды. “Кичиген, сен да жазып жүрчү эмес белең, бул жерде окусаң, дагы да аңгеме жазганды жакшылап үйрөнөсүң, анализ жасаганды үйрөнөсүң” деди. Анан Сулайман Кайыпов, Үмүт Култаева баш болгон күчтүү лекторлор окутарын билип, кубанып келип калдым”.
Горький институтунун үлгүсүндөгү курс
Жогорку адабий курс Москвадагы Максим Горький атындагы адабият иститунун үлгүсүндө окутат. Учурда мында 12 адабият сүйүүчүсү билим алууда. Алар эки тайпага бөлүнүп, жетөө проза багытында, бешөө поэзия багытында билим-тажрыйбасын жогорулатып жатыптыр. Курс биринчи жолу ачылып, коомчулукка жакшы белгилүү болбогон үчүн азырынча котормо жана сын бөлүмүнө тапшырган студенттер жок.
Акын, прозаик, сынчы жана котормочуларды даярдаган эки жылдык курстун бир жылдык контрагы 50 миң сом. Бул жерден адабиятка кызыккан, жогорку жана кесиптик орто билими бар бардык каалоочулар окуй алышат.
"Көп чыгармалар көр тирликтен чыга албай турат"
Жогорку адабий курс филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаеванын демилгеси, аракети менен Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин базасында ачылган.
Анын ишмердигине Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уруксат берилип, кабыл алуу өнөктүгү быйыл жай айларында башталган.
“Биринчи кезекте мени кубандырганы - курска катышып жаткан калемгерлер сабакка шашып, чын дилден кубанып келип жатышат. Алардын көздөрүнөн билим алуунун кубанычы көрүнөт. Эми курстагылардын алдында көп нерсени үйрөнүү жоопкерчилиги турат. Калемгер канчалык билимдүү болсо, ал ошончолук масштабдуу ойлонот да. Ал эми азыркы калемгерлер таарынбасын, бирок учурда көп чыгармаларды карасак, баягы эле пенделик тар чөйрөнү, өз сүйүүсүн, өз тагдырын, өз баласын, өз тилегин эле үстүрт жазып жатышат. А масштабдуу проблеманы ким ойлонот, качан ойлонот? Бизде, маселен, "Улуу кыргыз дөөлөтү" бир чыгарманын предмети болдубу? Болгон жок да. Биз эми азыр ушул тажрыйбаларды окутуп, татыктуу билим бербесек, жакшы калемгер кайдан чыгат. Мисалы, мен азыр чыгыш адабиятынан бир саат лекция окуш үчүн 10-15 саат даярданып жатам”, - дейт адабий курстү түптөгөн Үмүт Култаева.
"Биздин максат - эл аралык аренага таанылган калемгерлерди тарбиялоо"
Адабий курс эмне себептен Бейшеналиева атындагы окуу жайда ачылып калганы боюнча аталган окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов буларды айтты:
“Профессор Үмүт Култаеванын президентке жазган катынын негизинде Билим берүү жана илим министрлигине, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине курсту ачуу боюнча тапшырма келип түшкөн. Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институту Искусство университетинин базасында экен. Анан эки министрлик тең курстун бизде ачылышын эп көрдү. Бирок биздин окуу корпусубузда маселе болуп, студенттердин санына ылайык келбегендиктен бул иш токтоп турду. Бирок эч нерсеге карабастан биз уюштуруу иштерин мойнубузга алып, окуу пландарын түзүп, окутуучулар курамын бекиттик. Азыр маданият министри Алтынбек Максүтовдун жардамы менен Касымалы Баялинов атындагы китепканадан курс үчүн атайын аудитория алынды. Бул эми иштин башталышы гана деп ойлойм. Чыңгыз Айтматов, Казат Акматов, Мурза Гапаров, Мухтар Борбугулов, Салижан Жигитов, Султан Раев баш болгон сөз чеберлери чыккан кыргыз адабиятынан бүгүнкү күндө да мыктылар чыгат деген ишеним чоң. Бул курстун максаты да ушул – билимдүү, эл аралык аренага таанылган калемгерлерди чыгаруу”.
Эмне окутулат, кимдер окутат?
Адабий курс алгачкы сабагын октябрь айында Баялинов атындагы китепканадагы чакан аудиторияда баштады.
Угуучуларга кыргыз фольклорунан тартып кыргыз адабиятынын тарыхы, акындар поэзиясы, чыгыш адабияты, антика адабияты, эстетика, адабий чыгармачылыктын психологиясы, философия өңдүү сабактар өтүлүүдө. Жумасына 5 күн экиден сабак болсо, 4 күн аталган сабактардан лекция, 1 күн чыгармачылык күн. Бул күнү талкуулар, жолугушуулар болуп турат. Сабактар кечкисин, 16:00дөн 20:00гө чейин өтүлөт.
Окутуучулук курамда Үмүт Култаева, Сулайман Кайыпов, Акбар Рыскулов, Рысбек Эшматов, Гүлзада Станалиева, Рахат Таштемирова баш болгон адабият өкүлдөрү устаттык кылат.
"Муну адабий ишмердик катары карообуз керек"
Жазуучу, публицист Олжобай Шакир жогорку адабий курс мезгилдин иши болуп турган дейт:
“1990-жылдардан кийин жазуучу Мурза Гапаров ушуну кыялданган. Ошол учурда “Асаба” гезитине да маек берип, адабий курсун ачып аракет кылып жатканын да айткан. Ошондо анын курсуна төрт-беш киши катышканбыз. Азыркы Логвиненко көчөсүндөгү кино үйүндө шаардык жаштар менен бирге бир канча ирет сабакка барып, ал кишиден тапшырмаларды алганым эсимде. Бирок ошол курс колдоого алынбай токтоп калган. Себеби 90-жылдардан кийин чалкеш заман болуп, курска бармак түгүл адабияттын астанасын аттагандын баары тиричилик үчүн базарга кирип кетишкен. Түмөнбай бул окуу жайга ректор болуп келгенде да менден "кандай идеялар бар?" деп сурап калган. Ага чейин мен "Агым" гезитине да окуу жайлардын биринде адабий курс ачуу керек деп жазгам. Себеби СССР ыдырагандан кийин көркөм кадрларды даярдоону эч ким колго алган жок. Үмүт Култаева ушул ишти колго алып кеткени алкоого арзырлык. Муну адабий ишмердик катары карообуз керек. Себеби көркөм таанууда көп акын-жазуучулардын баары журналисттик же филологиялык билим менен эле чектелип калган да. Көркөм арсеналдарды таанууга келгенде билимибиз тайыз болуп, метафора, аллегория, подтекст деген түшүнүктөрдөн куржалак болуп жатпайбызбы”.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин базасында ачылган жогорку адабий курстун угуучуларына эки жыл ичинде 4 семестрде жалпы 1800 сабак өтүлөт. Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болот. Түптөөчүлөрдүн айтымында кийинки жылдары курстун прогораммасы дагы да жаңыланып, толукталып жүрүп олтурат.
Адабиятчылардын айтымында Борбор Азиядагы башка коңшу өлкөлөрдө мындай жогорку адабий курстар эбактан бери эле калемгерлерди тарбиялап келет.