Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Ала-Арча.

Ала-Арча.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 21-декабрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;

Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -2…-4° болот.

Дагы караңыз

Мэрия Бишкек ЖЭБине бюджеттен 1 млрд сом насыя алууну сунуштадыПрезидент Жапаров Курултайда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады 2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөтМилиция Токмокто онлайн казиного 287 миң сомун уттурган жигит өзүнө бычак сайганын билдирди Президент Жапаров балдарды, аялдарды зомбулуктан коргоо негизги милдет экенин айтты Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына тынчсызданган резолюция кабыл алдыКазакстанда өзүнө өрт койгон адам ооруканада каза болдуКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат