Мэрия Бишкек ЖЭБине бюджеттен 1 млрд сом насыя алууну сунуштады

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.

Бишкек мэриясы Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) республикалык бюджеттен 1 млрд сом насыя алуу демилгесин көтөрдү. Мэр Айбек Жунушалиевдин тиешелүү сунушу шаардык кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматта ЖЭБдин жабдуулары алдын ала оңдолуп, көмүр жана газ да ушундай эле жол менен сатып алынары, ишкана күз-кыш мезгилинде күн сайын 40-60 млн сом суммага 6-8 миң тонна көмүр, 260-500 миң м3 жаратылыш газын чыгымдай турганы жазылган. Оңдоо жумуштары дээрлик жыл бою жүргүзүлөрү айтылат.

“Бирок ушул айда өндүрүлгөн энергияны сатуудан түшкөн киреше бир айдан кийин түшө баштайт. Жүгүртүүдөгү акчанын запасы ишкананын эки айлык чыгашаларынын суммасынан аз болбошу керек (2-4 млрд сом)”, - деп айтылат маалыматта.

Мэр Бишкек жылуулук борбору азыр өтө оор финансылык кырдаалда турганын, ушундан улам насыя алуу керектигин белгилеген.

Мэрия насыяны ЖЭБ өндүргөн жылуулук жана электр энергиясын сатуунун эсебинен чыгымдарды өздүк наркка кошуу менен төлөөнү пландаштырууда. Кредит беш жылга алынат.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң кВт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60% жакынын тейлейт. ЖЭБде жалпысынан 15 отказан бар.

Министрлер кабинети быйыл Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берген. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Курултайда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады 2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөтМилиция Токмокто онлайн казиного 287 миң сомун уттурган жигит өзүнө бычак сайганын билдирди Президент Жапаров балдарды, аялдарды зомбулуктан коргоо негизги милдет экенин айтты Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына тынчсызданган резолюция кабыл алдыКазакстанда өзүнө өрт койгон адам ооруканада каза болдуКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат