Милиция Токмокто онлайн казиного 287 миң сомун уттурган жигит өзүнө бычак сайганын билдирди

Токмок шаары. Архивдик сүрөт.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Токмок шаарында 18 жаштагы жигит (А.Р.) “Ринго трейд” онлайн казиного 287 миң сомун уттуруп, өзүн бычак менен сайып жибергенин билдирди.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 14-декабрда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 18 жаштагы жигитке үч адам бычак менен кол салып, 287 миң сомун тартып алганы тууралуу арыз түшкөн

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Тергөөдө арыздануучунун айткандары аныкталган эмес. Милиция 18 жаштагы жигит “Ринго трейд” онлайн казиного 287 миң сомун уттуруп жиберип, атасынан коркконунан бычак менен өзүнө залал келтирип, аны ыргытып жибергенин билдирди.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал өзүнө бычак сайышы мүмкүн экени аныкталган.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы кылмыш ишин тергөө уланып жатканын, анын жыйынтыгы менен кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат берген жигитке юридикалык баа берилип, процессуалдык чечим чыгарыларын кабарлады.

Экинчи тарап окуя тууралуу комментарий бере элек.

“Ринго трейд” - коомчулукта кадимки казино катары сыпатталып, андан миллиондорду уттургандар болгон. Алардын Бишкек шаарында, Ошто филиалдары бар болчу. Кийин алар жабылып, аты өзгөртүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталатПрезидент Жапаров балдарды, аялдарды зомбулуктан коргоо негизги милдет экенин айтты Садыр Жапаров Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койдуКазакстанда өзүнө өрт койгон адам ооруканада каза болдуБишкекте үчүнчү Элдик курултай башталдыКыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтор Дүйшөмбү шаарында жолугуштуCPJ кыргыз бийлигин төрт журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды