Президент Жапаров балдарды, аялдарды зомбулуктан коргоо негизги милдет экенин айтты

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алды.

Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалады.

“Коомубузда ар бир аялзат, ар бири бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз”, - деди президент.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.

17-декабрда эле Бишкекте 33 жаштагы адам жубайын бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалган. Айрым маалыматтарга караганда, ал 33 жаштагы жубайын бычак менен 20дан ашык жолу сайган. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда өзүнө өрт койгон адам ооруканада каза болдуСадыр Жапаров Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койдуБишкекте үчүнчү Элдик курултай башталдыКыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтор Дүйшөмбү шаарында жолугуштуCPJ кыргыз бийлигин төрт журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды