Казакстанда өзүнө өрт койгон адам ооруканада каза болду

Актау шаарындагы Мангистау облустук ооруканасы.

Казакстандын Мангистау облусунда акимчиликтин имаратынын жанында өзүнө өрт койгон адам 17-декабрда ооруканада каза болгону белгилүү болду. Ал реанимацияда 12 күн жатканын “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

5-декабрда Актау шаарында белгисиз адам облус жетекчисине жолугуу үчүн барган. Ага аким бейшемби күнү жарандарды кабыл албай турганын айтышканда, акимчиликтин кире беришинде бензин чачып, өзүн өрттөп жиберген. Полиция жана акимчиликтин кызматкерлери өрттү өчүрүп, “Тез жардам” кызматын чакырып, жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнү маалымдалган.

Бул факты боюнча “Өз жанын кыюуга жеткирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Актау шаарындагы блогер Азамат Сарсенбаев маркум “Samruk Bussines Academy” компаниясынын мурдагы кызматкери экенин айткан.

Бир ай мурун бул компаниянын кызматкерлери өлкөнүн жана облустун жетекчилигине “Лада” басылмасынын редакциясы аркылуу видеокайрылуу жөнөтүшкөн. 7-ноябрда жарыяланган ал кайрылууда ондон ашык жумушчу мамлекеттик органдардын жетекчилерине ишке орноштуруу маселеси боюнча кайрылып, бирок ал өтүнүч жоопсуз калганы айтылат.

Жумушчулар “КазМунайГаз” улуттук компаниясынын жетекчилигинен бул кырдаалды жөнгө салууга жардам берүүнү талап кылышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койдуБишкекте үчүнчү Элдик курултай башталдыКыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтор Дүйшөмбү шаарында жолугуштуCPJ кыргыз бийлигин төрт журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырдыПутин Курскиде кармаштар жүрүп жатканын бышыктадыМинистр Ибраев электр энергиясынын баасы май айында көтөрүлөрүн айтты