Трамп өкмөттү убактылуу каржылоо долбоорун колдобоого чакырды

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Конгресстеги республикачыл партиялаштарын өкмөттү убактылуу каржылоо боюнча мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. "Рейтер" агенттиги кабарлагандай, мыйзам 21-декабрга чейин жактырылбаса, мамлекеттик мекемелердин иши убактылуу токтошу ыктымал.

Трамп жана шайланган вице-президент Жей Ди Вэнс Конгрессти башка финансылык документти кабыл алууга чакырышты.

Бюджет өз убагында бекитилбесе, аба каттамдарынан баштап тартип коргоо органдарынын иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. "Шатдаун" деп аталган мындай көрүнүш акыркы жолу АКШда 2018-жылдын декабрында болуп, 2019-жылдын башына чейин созулган.

Азыркы мыйзам долборунда мамлекеттик мекемелерди учурдагыдай деңгээлде каржылоо, 100 млрд доллар жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга жана 10 млрд доллар айыл чарбага жардам катары бөлүү каралган

Эки партия мунасага келген келишимге ылайык өкмөт эмки жылдын 14-мартына чейин каржыланмак.

Трамп өкмөттүн натыйжалуулугун көздөмөлдөгөн агенттиктин башчылыгына сунуш кылган миллиардер Илон Маск ал мыйзам долбоору “өтпөшү керек” деп жазды.

Маск Трамптын шайлоо кампаниясына 250 миллион доллардан ашуун каражат короткон.

Ушу тапта демократтар Сенатта көпчүлүктү түзөт. Президент Жо Байден 20-январга чейин кызматында турат.

Дагы караңыз

"Дайынсыз жоголгон кыз-келиндер көбөйдү". Түркиядагы борбор азиялык мигранттардын абалы CPJ кыргыз бийлигин төрт журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырдыМосква: Өзбек жараны генералды өлтүрүүгө шектелип кармалды