Москвада Өзбекстандын өтүнүчү менен каракалпак активисти кармалды

Шереметьево аэропорту. Иллюстрация

Москванын аэропортунда Өзбекстандын өтүнүчү менен каракалпак активисти Жеткербай Абдираманов кармалганы кабарланды. Түркмөнстандын Хельсинки фонду укук коргоочу Виталий Пономаревго шилтеме менен маалымдагандай, ал Бириккен Араб Эмирлигинен орус башкалаасына саясий башпаанек сурап келген. Өзбекстанда Абдираманов конституциялык түзүлүшкө жана коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды таратууга айыпталып, ага издөө жарыяланган. Пономарев сүйлөшкөн чек арачы активистти депортациялабай, экстрадиция ишин кароо үчүн сотко алып барышарын айткан.

Мекенинде иш козголгондон кийин Абдираманов Казакстанга кетип, 2022-жылы аны Каракалпакстандын суверенитетин алууну караган өзбек Конституциясына түзөтүүлөргө каршы кол топтоп жаткан жеринен кармашкан. Былтыр январда активистти миграциялык мыйзамдарды бузган деп Кыргызстанга чыгарып жиберишкен. Ал жактан Түркияга кетип, Молдовага өтүү аракетинен майнап чыккан эмес. Пономаревдун айтымында, бир нече күн мурун аны БАЭге депортациялашкан. Жакындары анын Орусиядан башкалка суроодон башка аргасы калган жок деп айтышат.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлда борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243ү жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

2022-жылдын күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген.

Дагы караңыз

Самокатка коюлган жардыргыч. Орус генералын ким өлтүргөн? Жогорку Кеңеш жалаа, мазактоо үчүн айыпка жыгуу долбоорун кабыл алды "Дайынсыз жоголгон кыз-келиндер көбөйдү". Түркиядагы борбор азиялык мигранттардын абалы