Аскат Эгембердиев Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы кызматынан кетип, Министрлер кабинетинин төрагасы анын ордуна 18-декабрда Чыңгыз Кожошевди жетекчи кылып дайындады.
Расмий маалыматка ылайык, Чыңгыз Кожошев 1985-жылы Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) “юриспруденция” адистигин аяктаган.
2023-жылдан бери Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №25 (СИЗО-5) мекеменин жетекчиси болуп иштеп келаткан. Ага чейин Ички иштер министрлигинде (УКМК) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эмгектенген. Бирок кайсы жылдары иштегени тууралуу так маалымат жок.
2022-жылы Кыргызстандан күч менен чет өлкөгө чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактардагы баракчаларына Чыңгыз Кожошев буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жан сакчысы да болуп иштегенин жазды. Бул тууралуу ЖАКтын жаңы төрагасы комментарий бере элек.
Кызматтан кеткен Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган. (BTo)
Дагы караңыз
Чехия Сенаты крым-татарлардын жапырт депортацияланышын геноцид катары тааныдыӨзбекстанда Украинадагы согушка катышкан студент соттолду 18-декабрь: Сирияда адам сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар табылды, Абактагы ишкер Ташов ачкачылыгын токтотту УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясы жубайы менен кармалганын билдирдиКыргызстанда майрам күндөрдү кыскартуу боюнча жаңы кодекс кабыл алынды Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматына жетекчи болду