Махабат уулуна, Азамат энесине кабатыр.  Шаардык сот эки журналистти абакта калтырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Журналисттердин соту

Бишкек шаардык соту жапырт башаламандыкка айыпталган төрт журналисттин ишин карап, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Адвокаттар Азамат Ишенбековдун чоң энеси оор абалда, багар-көрөрү жок жатканын, Махабат Тажибек кызынын жашы жете элек баласы бар экенин жүйө келтирип, аларды бошотууну суранган эле. Журналисттерди абакта калтырган сот чечимин кесиптештери сөз эркиндигине олуттуу басым катары баалап жатышат.

"Массалык башаламандыктын элементтери жок"

11 айдан бери тергөө абагында отурган журналисттер Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбековдун адвокаттары бүгүнкү сот отурумунда жарыш сөзгө чыгып, айыпталуучулардын күнөөсү далилденбегенин айтышты. Алардын бири Нурбек Сыдыков сот залында мындай деди:

Нурбек Сыдыков

“Азамат Жанышбеков деген эксперт экспертиза жүргүзгөн. Ал өзү дагы "мен эксперт эмесмин, экспертик сертификатка ээ эмесмин" деп сотто тастыктап берди. Бул кишилердин өрттөө тууралуу чакырыктары бар бекен? Андай жок. Зордук-зомбулукка чакырык бар бекен? Жок андай. Мамлекеттик ишканалдарды басып алууга чакырык бар бекен? Куралдуу күчтөрдү колдонууга чакырык барбы? Жок. Массалык башаламандыктын элементтерине келгенде бирөө дагы жооп бере алган жок”.

Айып менен каматышкан каяктагы"

Бүгүнкү сот отурумуна аты аталган эксперт Азамат Жанышбек уулу да чакырылганы менен келген жок. Адвокат Улан Сейитбеков Махабат Тажибек кызынын жашы жете элек баласы бар экенин айтып, камактан бошотууну суранды. Ал эми адвокат Нурсултан Жаныбеков ал жактап жаткан Азамат Ишенбековдун чоң энесинин абалы оор экенин, каралашар адамы жок экенин белгиледи.

Айыпталуучу Махабат Тажибек кызы коюлган айыптарга макул эместигин кайталады.

“Толугу менен күнөөмдү мойнума алган жокмун жана кандай кылмыш иши козголуп жатканы тууралуу да эч нерсе түшүнгөн жокмун. Менин командама коюлуп жаткан айыптар менен макул эмесмин”.

Махабат Тажибек кызы темир тор артында уулуна кайрылуу жолдоп, аны эч качан таштабаганын, болгону анын эркин, өнүккөн мамлекетте жашоосун каалаганын айтты.

Ал эми Азамат Ишенбеков 11 айдан бери камакта отуруп, коррупцияга шектелип кармалгандарды сот эркиндикке чыгарып жатканына күбө болгонун айтып, оор абалда жаткан чоң энесине жазган ырын окуп берди.

“Апакебай, балаң жакшы камактагы,
Алла буюруп койсо калат баары.
Азаматың акыйкатты сүйгөн үчүн,
Айып менен каматышкан каяктагы".

Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң апасы Гүлира Абдраимакунова абакта жаткан небереси беш жылга кесилгенин уга элек. Ал буга чейин небереси камалгандан бери ыйлай берип, эки көзү тең көрбөй калганын, анын бошотулушун чыдамсыздык менен күтүп жатканын айткан эле.

Ошондой эле буга чейин Ленин райондук соту пробация жазасы менен абактан бошоткон журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева күнөөнү мойнуна албай турганын айтышты. Мамлекеттик айыптоочу жактоочулардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну өтүндү.

  • Бишкек шаардык сотунун судьялары Адис Момуналиев, Нурлан Кожомбердиев, Замир Атаев төрт журналисттин иши боюнча адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду 5 жылга абакка кесип, журналисттер Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берген Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Адвокат Нурсултан Жаныбеков шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрыла турганын билдирди.

Нурсултан Жаныбеков

“Көптөгөн жагдайларды, далилдерди жана кылмыш ишке тиешеси бар экспертизалардын корутундулары берилген. Тилекке каршы баары четке кагылып, эске алынган жок”.

"Баласы үмүт менен күткөн"

Бул иште айыпталып, 3 ай камакта отуруп кийин акталган Махабат Тажибек кызынын бир тууган иниси Максат Тажибек уулу шаардык соттун чечимин сөз эркиндигине кысым катары баалады.

“Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп айтылганы менен анын кысымга алынганы бүгүнкү күндө далилденип турат. Бүгүн эжемдин баласы үмүт менен күткөн. Эртең менен окууга кетип баратканда, "апам бүгүн чыгып калса, мага көрсөтүп коюңуз" деп кеткен эле. Бирок андай болбой калды”.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков соттон кийин Махабат Тажибек кызынын камакта калышы гумандуулукка жатпасын Фейсбукка жазды:

"Махабат Тажибек кызынын эне катары темир тордун ичинен баласына кайрылып ыйлап сүйлөгөнүн көрүп зээним кейиди, көзүмө жаш алдым. Ар бир акыл-эстүү адам, эл, мамлекет жана бийлик жашоо, өнүгүү жана тукум улоо үчүн адилеттүүлүкө жана боорукерлике (гумандуулук) таянат. Эч кандай мыйзам бузбаган Махабаттын түрмөдө отурушу адилеттүүбү? Күнөөсүз камап, таш боорлук менен Махабатты жашы жете элек кичине баласынан ажыратуу боорукерликпи?"

16-январда Ички иштер министрлиги Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүн тинтип, өздөрүн кармап кеткен. Аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда “Кабар” агенттигине берген маегинде алар тууралуу мындай деген:

Садыр Жапаров.

“Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтургузуп алышып, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат?”.

Буга чейин 11 журналисттин ичинен жетөөнүн аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

Дагы караңыз 11 журналист ким?

"Коопсуздукка коркунуч келмек эмес”

Бүгүнкү сот отурумуна катышкан укук коргоочу Азиза Абдирасулова журналисттерден кооптонууга эч кандай негиз жок экенин белгилеп, Махабат Тажыбек кызы менен Азамат Ишенбековдун камакта калышын сындады.

Азиза Абдирасулова

“Айке менен Актилек пробацияга алынганы менен эркиндикте. Асман түшүп кеткен жок. Эч бир чыр-чатак чыгарышкан жок. Унчукпай эле жүрүшөт. Азамат менен Махабат чыкса эч нерсе деле болмок эмес. Коопсуздукка коркунуч келмек эмес”.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты төгүндөп келишет. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет.