Аба ырайы: Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда кар жаайт

Жалал-Абад облусу, Чаткал районундагы айылдардын бири

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 19-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, облустун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз 5…7° болот.

Дагы караңыз

Президент айрым депутаттар жеке кызыкчылыгын көздөйт деп сындадыКыйноолорго каршы борбор абактагы Ташов ачкачылыкты токтотконун билдирди"Чет элдик өкүл" реестрине дагы эки уюм катталдыАдылбек Касымалиев Министрлер кабинети төрагасы болуп дайындалды