Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:56

Адылбек Касымалиев Министрлер кабинети төрагасы болуп дайындалды


Адылбек Касымалиев
Адылбек Касымалиев

Министрлер кабинетинин төрагасы, президентинин администрациясынын жетекчиси болуп Адылбек Касымалиев дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызмат кабарлады.

Президенттин башка жарлыктары менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасы баш болгон бардык курамы 18-декабрда Жогорку Кеңеште ант берди. Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин билдирип, аны саясатташтырбоого чакырды. Жаңы өкмөт башчысына ийгилик каалады.

Адылбек Касымалиев 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейин Министрлер кабинетинин биринчи орун басары болуп турган.

64 жаштагы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган. 1984-жылы Ленинград каржы-экономика институтунун экономист адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 1984-1988-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетинин экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык ыкмалары боюнча илимий-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери болуп баштаган.

2015-2018-жылдары Кыргызстандын финансы министри болуп иштеген. Ага чейин өлкөнүн Салык кызматын жетектеп, экономика министринин орун басар кызматын аркалаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка кызматка өткөнүнө байланыштуу делген негиз менен 16-декабрда бошотулган. Ал кызматтан эмне себептен кеткени тууралуу комментарий бере элек. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG