Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, аткаруу бийлиги менен парламент ортосунда пикир келишпестик жок экенин, бирок жеке кызыкчылыгын көздөгөн "айрым депутаттар бар" деген пикирин айтты.
“Аткаруу бийлиги тарабынан демилгеленген мамлекеттик маанилүү маселелерди кечиктирбей колдоп берип жатасыздар. Бул үчүн силерге терең ыраазычылык билдире кетейин. Албетте, араңыздарда илгерки көнгөн адатын кылып, министрлик тараптан жеке кызыкчылыгы чечилбей калган үчүн кандай гана маселе болбосун каршы добуш берген 5-6 депутат бар. Аларга көңүл бурбай эле коелу. Анткени көпчүлүк басымдуулук кылып, мамлекет үчүн пайдалуу, келечектүү маселелерди колдоп жатасыздар”, - деди Жапаров.
Президент кайсы депутаттар тууралуу кеп козгогонун тактаган жок.
Парламент депутаттары менен аткаруу бийлигинин мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер болуп келет. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламент депутаттары сессияларда Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө үстөмдүк кылгысы келген учурлар бар экенин айткан.
2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. (TSh)
Дагы караңыз
Адылбек Касымалиев Министрлер кабинети төрагасы болуп дайындалды