16-декабрда эртең менен Алматыдагы Эгемендүүлүк монументинин алдына салтка айланган гүлчамбар коюлду. Ага шаар мэри Ерболат Досаев баштаган бийлик өкүлдөрү, Желтоксон окуясынын катышуучулары, активисттер жана шаар тургундары катышты.
Алматынын Республика аянтындагы иш-чарага гүлчамбар коюу үчүн барган Желтоксон окуясынын айрым катышуучулары Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кандуу калабага катышкан жаштар тууралуу сөздөрү жазылган баракчаларды кармап турушту.
Алар Казакстан эгемендүүлүккө жетишкени менен 38 жыл мурдагы кандуу окуядан дале сабак алынбай жатканын белгилешти.
Расмий салтанаттан кийин Эгемендүүлүк монументине барган шаардыктар маркумдардын элесине таазим этип, куран окушту.
"Желтоксон, Жаңы-Өзөн, Каңтар"
Дүйшөмбү күнү эртең менен "Ойгон, Казакстан!" (Оян, Qазаqстан!) кыймылы Алматыдагы коомдук жерлерде 1986-жылы 16-декабрда болгон кандуу окуяны, Январь окуяларын эскерген баракчаларды чаптап жатканы тартылган видеолорду жарыялады. Бирок ал видео качан тартылганы белгисиз.
Кыймылдын сайтындагы видеодо кара кийимчен киши "Желтоксон 1986, Жаңы-Өзөн 2011, Қаңтар 2022" деп жазылган плакатты кармап турат.
Расмий Астана Эгемендик күнүндө болгон кайгылуу окуяларды сөз кылгандан качат. Президент Токаевдин 16-декабрдагы куттуктоосунда Желтоксон, Жаңы-Өзөн же Каңтар окуялары тууралуу бир да кеп козгободу:
"Бул майрам мамлекеттүүлүгүбүздүн кайра жаралуусунун символу жана элибиздин эркиндикке болгон кыялынын ишке ашкан күнү. Бул күнү баарыбыз ата-бабаларыбыздын осуяттарына бекем болуп, улуттун келечеги үчүн жоопкерчиликти алуу канчалык маанилүү экенин терең түшүнүп турабыз. Эгемендүүлүк биздин жалпы жана баа жеткис байлыгыбыз, ал биздин бардык жетишкендиктерибиздин негизин түзөт. Эгемендүүлүк баарынан жогору. Аны көздүн карегиндей сактоо ар бир жарандын милдети", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
38 жыл мурун дал ушул күнү Алматынын борбордук аянтына миңдеген казак жаштары чогулуп, ошол кездеги советтик Казакстандын башчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна Геннадий Колбиндин дайындалышына каршылык билдирип чыккан. Совет бийлиги жаштардын тынч митингин басуу үчүн күч колдонгон.
2011-жылы 16-декабрда Мангыстоо облусунун Жаңы-Өзөн шаарындагы мунайчылардын бир нече айлык иш таштоосу кан төгүү менен коштолгон. Тынч митингдин катышуучуларына каршы ок атылганда расмий маалымат боюнча, 17 киши курман болгон.
Ал эми 2022-жылы январда кошуна өлкөдө газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон. Анда расмий эсеп боюнча 238 киши набыт болгон.
Эксперттер бул кандуу окуялар боюнча чындык толук ачыкка чыга элек деген пикирде.
Активисттерди камоо
16-декабрдын алдында укук коргоочулар активисттерди куугунтуктоо күчөгөнүн билдиришкен. Соңку маалыматтарга караганда, кеминде беш активист Астана, Акмоло, Мангыстоо жана Петропавлов облустарында 5-20 суткага камакка алынган. Аларга "Майда бейбаштык", "Бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө", "Тынч чогулуш өткөрүүнүн тартибин бузуу" беренелери менен айып тагылган.
Активисттер алардын кармалышын "саясий куугунтук" деп сыпаттап, айыптарды четке кагышкан.
Алар:
- Нурбол Өнерхан - Петропавлов шаары;
- Сандугаш Кантарбаева - Астана шаары;
- Марат Мусабаев - Астана шаары;
- Улболсын Турдиева - Мангыстоо шаары;
- Амангелди Жахин -Акмоло облусу;
Жергиликтүү бийлик кармоолор боюнча комментарий бере элек. Расмий Астана жалпысынан өлкөдө саясий куугунтук болуп жатканын четке кагып келет.
16-декабрдын алдында казакстандык колдонуучулар интернет начар иштеп жатканын кабарлай башташкан. "Бузук" (Buzyq) Телеграм каналы Билайн компаниясына кайрылганда, мекеме интернеттин начарлашын "айрым чектөөлөрдүн киргизилиши" менен түшүндүргөн.
"Казакстандын аймагында кандайдыр бир чектөөлөр бар", - деген компаниянын өкүлү, "Чектөөнү ким киргизип жатат?" деген суроого жооп берген эмес.
Расмий Астана интернет колдонуучулардын арыздарына байланыштуу комментарий берген жок.