Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

Январь окуясы: Рузахуновдун иши боюнча Алматынын полиция кызматкери кармалды


Викрам Рузахуновдун кыйноого кабылган учуру жана андан кийин. (коллаж)
Викрам Рузахуновдун кыйноого кабылган учуру жана андан кийин. (коллаж)

Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысынын мурдагы орун басары Берик Абилбеков кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылган окуяга байланыштуу кармалды. Бул иш боюнча бешинчи полиция кызматкери кармалды.

Абилбековдун Рузахуновдун ишине байланыштуу кармалганын Orda.kz басылмасы анын адвокаты Рена Керимовага шилтеме жасап билдирди.

28-майда Казакстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылы январь айында Алматы облусунун Карасай районунун Кошмамбет айылында жайгашкан атайын убактылуу кармоочу жайда жарандарды кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин териштирип жатканын билдирди.

Абилбеков - Казакстанда Викрам Рузахуновду кыйноого шек саналып кармалган бешинчи полиция кызматкери.

Музыкант апрель айында Алматы облусунун Конаев шаардык сотунда көрсөтмө берип, тергөөдөгү көрсөтмөлөрүн ырастаган.

"Азаттык" менен байланышканда, Викрам Рузахунов ишти Казакстандын Башкы прокуратурасы иликтей баштагандан кийин гана жылыш болгонун белгиледи. Музыкантты кыйноого байланыштуу фактыны буга чейин коңшу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, облустук атайын прокуратура териштирген.

"Берик Абилбеков менен бир нече жолу беттештирүү болгон. Аны таанууга барганда көрүп, мени кыйнаганда ушу киши да болгонун билдирдим. Бүгүнкү күндө бул ишке катышкан башка да адамдар изделип жатат. Аларды кармоого көбүрөөк аргумент керек деп ойлойм. Себеби алар азыр да кызмат ордунда иштеп жатышат. Азыр Башкы прокуратура чечкиндүү кадамдарга барууда. Мен кыйноолордун болушун каалабайм. Күнөөлүүлөр жазасын алып, келечекте биздин мекендештерибиз, деги эле мигранттар мындай окуяга кабылбасын дейм. Кыйноого дүйнө жүзүндө бөгөт коюлсун. Бул башкаларга да сабак болушу керек", - деди Рузахунов.

Кыргызстандык музыкант буга чейин Январь окуясында өзүнөн тышкары 20дан ашуун киши кыйноого кабылганын айткан.

Казакстандагы "Эл аралык укуктук демилге" коомдук фондунун жетекчиси Айна Шорманбаева "Каңтар окуясына" байланыштуу тергөө аяктап калганын билдирди.

Шорманбаева учурда расмий түрдө жабырлануучу катары табылган Өзбекстандын жети жаранынын укугун коргоп жатат.

"Эгерде Башкы прокуратура өз колуна албаса, иш ордунан козголбойт эле. Тергөө амалдары жүргөн менен, иш токтоп калып, буга чейин бир да полиция кызматкери кармалган эмес. Азыркы тапта Өзбекстандын жети жараны сурак берип бүтүп, тергөө амалдары, экспертиза бүттү. Иш аяктап, сегиз адам боюнча иш сотко өтөт деп күтүп отурабыз. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, кармалгандар кеминде сегиз жылга эркинен ажыратылышы керек. Биз эми иш сотко өткөндөн кийин адилеттүү чечим чыгат деп үмүт артып турабыз", - дейт Шорманбаева.

Рузахунов кантип кармалган?

2022-жылы 9-январда "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан.

Бул видео тарагандан кийин кыргызстандыктар Викрамды таанып, аны бошотууну талап кылышкан. Коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин ал Бишкекке алып келинген.

"4-5-6-январь күндөрү батирден чыккан жокмун. Бирок абал курчуп, интернет өчүрүлдү, азык-түлүк дүкөндөрү иштебей калды. Ошондуктан үйгө кетүүгө аракет кылдым. 7-январда такси кармап Бишкекке кетип баратканда Самсы айылынан аскерлер кармады", - деген ал кармалганы тууралуу.

Январь окуясына бир жыл: Викрам жана Чолпонбек кордуктан кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:26 0:00

Ал кыйноого кабылганын, камера алдында тополоңго катышканмын деп эмне үчүн айтканын минтип түшүндүргөн:

“Менин бардык расмий билдирүүлөрүм ошол учурда Казакстанда барымтада тургандар үчүн болгон. Көпчүлүгүнүн балдары, үй-бүлөсү бар. Көбү карыган ата-энелеринин, майыптыгы бар карындашынын жалгыз багуучусу. Менин ар бир сөзүм аларга таасирин тийгизиши мүмкүн эле”.

Музыкант кыйноонун айынан кабыргалары сынганын, көкүрөгүндөгү жараатын, баш мээси чайкалганын жана башка жарааттарды алганын билдирген. Казакстандын күч кызматтары паспортун, акчасын, айдоочулук күбөлүгү менен банк картасын белгисиз жагдайда алып коюшканын айткан.

Рузахунов менен катар эле Январь окуясында эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков да кыйноого кабылган.

Ал 8-январда Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери андан талап-тоноочулук жана башаламандык айыптарын моюнуна алууну талап кылышкан. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айынын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Кыргызстандыктар кабылган окуялар боюнча иштер "кыйноо" беренеси менен козголгон.

Кандуу каңтардагы кыйноо. Назарбаевдин министри эки жылдан кийин камалды

2024-жылдын март айында Казакстандын Башкы прокуратурасы "Каңтар окуясында" коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылбагандыгы, адамдарды кыйноо фактылары боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата тергөө жүрүп жатканын билдирген.

Анда Январь окуяларынан кийин ички иштер министри кызматынан бошогон, кыйноого байланыштуу Эрлан Тургумбаев сурак берген. Апрель айында ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген шек менен кармалган.

Январь окуяларынан кийин ички иштер министри кызматынан бошогон Эрлан Тургумбаев.
Январь окуяларынан кийин ички иштер министри кызматынан бошогон Эрлан Тургумбаев.

Кандуу окуяга байланыштуу иштерди көзөмөлдөгөн юрист, мажилистин депутаты Абзал Куспан мурдагы ички иштер министринин камалышы тергөө али бүтө электигинен кабар берет дейт:

"Тургумбаев эмне үчүн камалды дегенге келсек, тергөө ушундай болуп жатат. Оор кесепеттерге алып келген мындай масштабдуу окуялар дагы жылдар бою иликтене берет. Дүйнөдө мындай практикалар көп. Башкача айтканда, тергөөнүн жүрүшүндө реалдуу далилдер алынышы мүмкүн. Кармалган жарандардын жооптору менен жүргүзүлгөн экспертизалар башка. Ушунун бардыгынан кийин [Тургумбаев шектүү] болушу мүмкүн. Айтайын дегеним, бир Тургумбаев менен чектелбешибиз мүмкүн. Келечекте башка аткаминерлер да тергелиши ыктымал".

Казакстандык укук коргоочулар кандуу калаба боюнча былтыр июнь айында чыгарган "Эскертүүсүз атуу" китебинде Тургумбаев жоопко тартылышы керектиги айтылат.

"Полиция биринчи кезекте шаардагы адамдардын тартиби жана коопсуздугу үчүн жооптуу. Полиция ички иштер министрине баш ийгендиктен, кылмыш жоопкерчилиги да, саясий жоопкерчилиги да бар. Полиция бөлүмдөрүндө, убактылуу кармоочу жайлардагы кыйноолорду билебиз. Ошондуктан Тургумбаевди жоопко тартуу керек деген маселе көтөрүлгөн", - дейт укук коргоочу Бакытжан Терегожина.

Эрлан Тургумбаев ким?

Тургумбаев Ички иштер министрлигине Нурсултан Назарбаев президент болуп турганда келген. 2006-жылы ИИМдин Тергөө комитетин жетектеп, кийин узак убакыт бою Алматы шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болгон. 2012-жылы ички иштер министринин орун басары, 2019-жылдын февраль айында Казакстандын ички иштер министри болгон.

Тургумбаев министр кезинде тынч митингге келген адамдарды "кеттлинг" ыкмасы менен кармап турган. Полициянын бул аракеттери Amnesty International укук коргоо уюмунун, Foreign Policy Centre борборунун отчетуна киргизилген. Кыйноо фактылары өлкөдөгү түрмөлөрдө жана убактылуу кармоочу жайларда да көп катталып келет.

2018-жылы жайында, Казакстанда белгилүү көркөм муз тебүүчү Денис Тен Алматыда өлтүрүлгөндөн кийин коомчулукта полициянын ишине сын күчөгөн. Кийинчерээк бийлик ички иштер органдары реформалана турганын айтып, бул милдет Тургумбаев башында турган Ички иштер министрлигине жүктөлгөн. Ал эми өлкөдөгү активисттер менен эксперттер тарабынан түзүлгөн "Ички иштер министрлигин реформалайбыз" кыймылы реформа жай жүрүп жатканын, органдардын ишинде алгылыктуу өзгөрүүлөр коомдо байкалбай жатканын айтып чыгышкан.

2022-жылдагы Январь окуясында Тургумбаевге түздөн-түз баш ийген шаарлардагы жана райондордогу ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери "иш ордун таштап кетишкен", ал эми абак кызматкерлери кыйноо фактылары боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталган. Бул ишке башка полиция кызматкерлери да аралашып, айрымдары жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда Тургумбаев камакка алынганы кабарланган.

61 жаштагы Эрлан Тургумбаев 2022-жылдагы Январь окуясынан кийин жаңы түзүлгөн өкмөттө кызмат ордунда калган. Бирок президент Касым-Жомарт Токаев аны ошол эле жылы февралда жумуштан алып, өзүнө кеңешчи кылып дайындаган. Тургумбаев - кандуу окуяларга шектелип кармалган экинчи казакстандык министр. Ага чейин Коргоо министри болуп турган Марат Бектанов "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен 12 жылга кесилген.

Коңшу өлкөдө 2022-жылы 2-январда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгонуп, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгону расмий айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG