Бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо азырынча мүмкүн эмес. Дүйшөмбүдө генерал украин армиясына каршы химиялык курал колдонуу үчүн айыпталганы маалым болгон.
Орусиянын Тергөө комитети 17-декабрда эртең менен баш калаадагы Рязань проспектисиндеги көп кабат үйдүн жанында жардыруу болгонун, Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин командачысы генерал-лейтенант Игорь Кириллов жардамчысы менен набыт болгонун бышыктады.
Маалыматка караганда, окуя адам өлтүрүү, теракт, куралды жана ок-дарыны мыйзамсыз алып жүрүү катары иликтенүүдө, кылмыштын чоо-жайын жана ага тиешеси барларды аныктоо аракети жүрүүдө.
Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, жардыргыч кире бериштин жанында турган скутерге коюлган.
"Рейтер" агенттиги жергиликтүү тургундардын бирин сөзгө тратты:
"Мен аны (Кирилловду) медиадан гана таанычумун. Биздин подъездде жашаганын билчү эмес экем. Аны телевизордөн көргөм. Машинесин билчүмүн, себеби минип жүргөнүн көрүп калгам. Кол салгандар самокат менен келишкен. Бул жерде, подъезддин кире беришинде скутер токтотуучу жай бар. Ким билсин. Азыр полиция көп. Адатта каалаган кишилер ээн-эркин кирип-чыга берет".
Украинанын атайын кызматындагы булак операцияны украин коопсуздук мекемеси уюштурганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып берди.
Бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес болгону менен буга чейин согуш ачууга катышкан орусиялык аткаминерлер менен армия өкүлдөрүнө кол салуунун артында Киев турганы бир нече жолу кабарланган. Кириллов алардын арасында эң жогорку даражадагы аскер адамы болуп калды.
Анын алдыңкы күнү Украинанын Коопсуздук кызматы генералга сыртынан айып тагылганын билдирген. Маалыматка караганда, согуш башталгандан бери Кирилловдун тушунда Орусия беш миң жолу химиялык куралды, анын ичинде уулуу заттар менен дүрмөттөлгөн «К-1» гранаталарын колдонгону катталган. Аларды колдонууга 1993-жылкы эл аралык конвенция тыюу салат. Кремль быйыл 2-майда Орусия ал келишимди бузду деген АКШнын айыптоосун четке каккан.
Бир апта мурун Москванын четиндеги токойдо “Марс” конструктордук бюросунун жетекчи орун басары Михаил Шатскийдин киши колдуу болуп өлгөнү кабарланган. “Росатом” корпорациясына кирген бюро пилотсуз учактарды башкарган системаны иштеп чыгуу жана жасоо менен алектенет. Орус бийлиги Шатскийдин өлүмүн комментарийлеген эмес.
Кирилловдун аты “Свобода” радиосу 12-декабрда жарыялаган иликтөөдө аталган. Журналисттер Орусия биологиялык курал программасынынын үстүнөн иштеп жатканын, мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу Подмосковьедеги жаңы лабораториялардын курулушун өзү текшерип чыкканын жазышкан. Алардын маалыматы боюнча Батыштагы медиа Москва жаңы биологиялык курал жасап жаткан болушу мүмкүн деп шектенет. Иликтөөчүлөр жашыруун аскердик институттун ичинен тартылган сүрөттөр менен видеолорду анализдеп чыгышкан. Ошондо Шойгуга ал жайды генерал Кириллов өзү көрсөтүп жүргөнү аныкталган.
Британия, Канада жана Жаңы Зеландия генералдын Украинадагы химиялык курал колдонууга жана жалган маалымат таратууга тиешеси үчүн ага санкция салган. Ага чейин АКШ жана өнөктөштөрү Орусия украиналык аскрелерге каршы хлорпикрин деген химиялык затты колдонгон деген жыйнытыкка келишкен.
54 жаштагы маркум генерал азыркы кызматка 2017-жылдын май айында дайындалган.