Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Андан түшкөн каражат Жол фондуна түшөт жана автоунаа жолдорун оңдоого, салууга жана реконструкциялоого пайдаланылат. Тиешелүү “Жол фонду жөнүндө” мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-ноябрда кабыл алган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, жолдорду тейлөөгө жылына 10 млрд сом керектелет. Бирок бюджеттен болгону 2 млрд сом бөлүнөт.
Кыргызстанда 1 млн 400 миңге жакын автоунаа катталган. Анын 1,1 миллиону – жеңил машинелер. Өкмөт автоунаалардын саны жыл сайын көбөйүп, жолдорду коопсуз абалда кармоого чыгым да өсүп жатканын билдирүүдө. Ал көбөйүп жаткан чыгымды айдоочулар төлөшү керек деп эсептейт.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда автоунаа жолдорунун узундугу 34 миң чакырым, анын ичинен 19 840 км жол Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында. Автоунаа жолдорунан жылына болжолдуу 98% жүргүнчү жана 96% жүк ташылат. (BTo)
Дагы караңыз
Украина Курскиде түндүк кореялык аскерлер каза болгонун билдирдиAI: Сербиянын бийлиги журналисттерди көзөмөлдөө үчүн санарип технологиясын пайдаланатАбактагы активисттер Төрөкулова жана Аранова катаал шарттагы режимге которулдуТашовдун жакындары бийликтен ишкерди үй камагына чыгарууну сураныштыЕвробиримдик министрлери Орусияга каршы санкциялардын 15-пакетин кабыл алыштыГрузия Эстония менен Литванын өкмөт башчыга санкция салганын сындадыБШК депутат Чынберди Төлөновду мандатынан ажыратты