Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:40

Украина Курскиде түндүк кореялык аскерлер каза болгонун билдирди


Орусиялык жана түндүк кореялык аскерлерди сөөктөрү делген сүрөт. 2024-жыл, декабрь.
Орусиялык жана түндүк кореялык аскерлерди сөөктөрү делген сүрөт. 2024-жыл, декабрь.

Украин Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгы Орусиянын армиясы тарапта согушкан кеминде 30 түндүк кореялык мерт болгонун же жараат алганын билдирди. Пхеньян Москвага жардамдаша баштагандан бери Киев алгачкы жолу мындай деталдуу маалымат таратты. 16-декабрдагы билдирүүгө караганда, түндүк кореялык бөлүктөр Мартыновка, Плехово жана Ворожба айылдарынын жанында “олуттуу жоготууларга” кабылды.

Украин редакциясынын “Схемы” долбоорунун колуна Украинанын куралдуу күчтөрүнөн Курск облусунда жакында каза болгон орусиялык аскерлер делген сүрөт, видеолор тийген. Редакция маалымдагандай, арасында түндүк кореялык аскерлер да бар.

Ал сүрөттөрдө талкаланган техниканын фонунда жаткан ондогон сөөктөр тартылган. Журналисттер материалды көз карандысыз тараптардан бышыктоо мүмкүн эместигин белгилешет.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу комментарий жасай элек.

14-декабрда украин президенти Владимир Зеленский Курскиде түндүк кореялыктар урушка көбүрөөк салынып жатканын айткан.

Түндүк Кореядан келген аскерлер менен украин куралдуу күчтөрүнүн биринчи салгылашуулары тууралуу 5-ноябрда Financial Times жана "Суспильне" басылмаларынын атайын кызматтардагы булактары билдиришкен.

Айрым аналитиктердин айтымында, Орусия согушта 600 миңдей кишини жоготкон. Орус президенти Владимир Путин калың эл жактырбаган мобилизациядан качып, Пхеньяндан аскерлерди тарткан. Кээ бир маалыматтарга ылайык, алардын саны 11 миңден ашат.

Украинанын куралдуу күчтөрү быйыл августта Орусиянын Круск облусуна кирип барып, ал жерде операция баштаган. Киев анын максаты өз аймактарын коргоо экенин айтууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG