Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузак районунда 32 жаштагы адамды өлтүрүүгө шек саналып 18 жана 20 жаштагы жигиттер кармалганын билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 9-декабрда маркумдун аялы жолдошу үйүнөн чыгып кеткен бойдон дыйынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Арыз каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
13-декабрда Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылына караштуу Чарбак айылындагы таштанды таштаган жайдан белгисиз адамдын сөөгү табылган. Ал кездемеге оролуп, өрттөлгөнү аныкталган.
Сөөк таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, ага кароо жүргүзүү үчүн милиция маркумдун жубайына кайрылган. Ал каза болгон адам жолдошу экенин кийимдеринен тааныган. Сөөктү кароодо денесине учтуу нерсе менен алтымыштай жолу сайылып, кескиленген жаракаттары аныкталган.
Бул факты боюнча Жалал-Абад облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
14-декабрда 18 (Д.Х.) жана 20 (М.А.) жаштагы жигиттер адам өлтүрүүгө шек саналып кармалып, камакка алынды. Тергөөдө шектүүлөр менен киши колдуу болгон 32 жаштагы адамдын ортосунда акчага байланыштуу пикир келишпестик болгону аныкталган. Ошондой эле бул окуяга дагы бир адамдын тиешеси бар экени маалым болгон. Тергөө иштери жүрүп жатат. (BTo)
Дагы караңыз
Президент ипотекалык батирлерге 40 миң киши кезекте турганын билдирдиТашовдун жакындары бийликтен ишкерди үй камагына чыгарууну сураныштыGergert Sport дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергерт камакка алындыКыргызстанда майыптыгы бар балдардын 2% гана мектепте окуйтАдылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалдыМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кеттиАракеттеги медиа платформасы бийликти адвокат Матцаковду бошотууга чакырдыБишкекте автоунаа токтотуучу жайы жок курулуштарга уруксат берилбейт