Коомдук талкуудагы сунуштар
Парламенттеги коомдук угууда мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев долбоордогу үй кыдырып,үгүт айтууга тыюу салуу сунушун алып салууну өтүндү:
“Муну сураныч, өтүнүч, аманат катары айтып коюшум керек. Ушуга тыюу салбастан, имамдардын көзөмөлүндө мусулмандын зыярат кылуусу токтобой эле боло берсе деген алардын чоң суранычы. Калгандары боюнча талкуу болду. Орчундуу маселеси ушул деп ойлойм".
Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) муфтийи Абдулазиз Закиров мыйзам долбоорундагы үй кыдырып, үгүт айтуу маселеси боюнча муфтияттын позициясын түшүндүрдү.
“Даабат иштери боюнча коомчулукта кызуу талкуу болуп жатат. Кудай буюрса, мындан ары дагы үч күндүк, төрт ай, кырк күндүк даабат иштери уланат. Болгону ушул жерде кыдыруу маселесине келгенде беш тартип бар экен, анын ичинен жергиликтүү адамдардын үйлөрүн тыкылдатып кыдыруу маселесин эске алуу болуп жатат. Жолдо, көчөдө бул нерселер улана берет. Биздин тутунган динибизге башка тараптан сокку болуп жатат. Тактап айтканда, радикал көз караштагы, тыюу салынган 19 диний уюм болсо, ошолор ушундай ыкмаларды колдонуп, биздин ичибизге кирип келди”, - деди муфтий.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов үймө-үй кыдырууну ар кандай секталар, экстремисттик топтор дагы пайдаланып жатканын, тыюу салуу сунушу бардык конфессияларга тиешелүү экенин айтты.
Анда негизги баяндаманы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов жасады.
Мыйзам долбоору каралып жаткан жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи жана казылар, Аалымдар кеңешинин төрагасы баштаган мүчөлөрү, Кыргызстандагы православ чиркөөсүнүн жетекчилери жана башка адамдар катышты.
Кыргызстандагы белгилүү “Таблиги жамаат” кыймылынын даабатчылары үймө-үй кыдыруу ыкмасын динди жайылтуу учурунда колдонушат.
Аталган маселеге Жогорку Кеңеш 12-декабрда мыйзам долбоорун биринчи окууда караган учурда атайын сөз алган депутат Жалалиддин Нурбаев да токтолгон:
"Бул мыйзамда бизге жакында эле келип калган даабат жөнүндө да айтылып жатат. Даабаттын максаты - жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу. Мунун эң негизги өзөгү, омурткасы болгон гашты (үймө-үй кыдыруу) алып коюу жөнүндө сунуш бар. Азыр мечиттерге барсаңыздар, жамааттар аз. Качан гана даабатчылар келгенде жамаат бир жума-бир жума көп болот. Алар жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарып, эскертет. Эми алар үйгө да кирбейт. Бир гана мечитке чакырат жана жакшы нерсени айтат. Бул жерде эч кандай жаман нерсе жок. Бирок биз ошол гашты токтотуп койсок, 10-15-жылдан кийин биздин балдарыбыз кандай болот?".
Депутаттын айтымында, Союз тарагандан кийинки оош-кыйыш жылдары дааатчылар көп адамдардын туура жолго түшүүсүнө себеп болгон. Ал даабаттын таасиринен уурулук, зордук зомбулук азайган деп эсептейт.
"Даабат - бир гана үймө-үй кыдыруу эмес"
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов “даабат - бир гана үймө-үй кыдыруу эмес” деп эсептейт:
“Айрым талаш-тартыштуу маселелер бар, анын ичинде “үймө-үй кыдыруу” маселеси кеңири талкууланды. Бул жерде мен ачык түшүндүрүп кетейин. Урматтуу депутаттар, бул жерде чаташтырбашыбыз керек. Мыйзамда даабатка эч кандай чектөө же каршылык каралган эмес. Даабат бир гана үймө-үй кыдыруу маселеси эмес. Даабат - бул китеп жазуу. Батирлерде сабак берсин, Ютубда сабак берсин. Биз баары бир тартипте болсун деп жатабыз. Ар бир жамааттын өзүнүн ыкмасы бар, ар бир жамааттын бизге салттуу болгон, салттуу эмес ыкмалары бар. Ошонун баарын биз Аалымдар кеңеши, диний эксперттер менен кеңешип, бир ыкмага, бир деңгээлге келтирели деген сунуш болуп жатат. А коомчулукта “мамлекет даабатка каршы экен” деген ар түрдүү сөздөр таратылып жатат. Даабатка эч кандай чектөө жок, болушу да мүмкүн эмес".
Парламент “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда колдоду.
Эми ал дагы эки окуудан өтүшү керек.
Мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөр
40 беренеден турган жаңы долбоордо документте диний уюмдарды каттоого, үгүт ишин жүргүзүүгө, кийинүү маданиятына, саясий иштерге, билим берүү байланышкан өзгөртүүлөр бар.
Аталган документ 30-августтан 29-сентябрга чейин коомдук талкууда турган. Бул аралыкта мамлекеттик жетекчилердин катышуусунда бир канча талкуулар өткөнү, анын ичинен президент Садыр Жапаров өзү да дин аалымдарын чогултуп, жыйындарды өткөрүп, алардын пикирлерин укканы айтылды.
Азамат Юсупов кеңири талкуу жүрүп, "бир дагы жамаат, бир дагы конфессия бул мыйзам долбоорун талкуулоодон четте калган жок" деп белгиледи.
Ал жаңы мыйзам долбоору дин тутуу эркиндигин чектөөгө эмес, тескерисинче, аны жөнгө салууга, тартипке салууга багытталганына ишендирүүдө.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсуповдун парламентте айтканына караганда, мыйзам долбоорунун маанилүүлүгү үч жылдык мониторингден кийин аныкталган:
“Диний чөйрөнү жөнгө салуу үчүн негизги мыйзам Кыргыз Республикасынын "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамы болуп эсептелет. Бирок колдонуудагы мыйзам учурдун талаптарына жооп бербей, бул мыйзам менен жөнгө салынбай жаткан көптөгөн маселелер бүгүнкү күндө чечилбей, дин саясатынын натыйжалуу жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратууда. Мисалы, диний адабияттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү тартиби, диний объектилердин баш аламан курулушу, диний билим берүү тармагын иретке келтирүү маселелери, чет өлкөгө диний билим алуу үчүн чыгып жаткан жарандар боюнча көйгөйлөр, диний китептердин көчөлөрдө, турак үйлөрдө, коомдук жайларда көзөмөлсүз таркатылуусу, ар кандай диний топтор тарабынан көзөмөлсүз, үймө-үй кыдырып, ар кандай диний ыкмалардын баалуулуктарын таңуулоо маселелери бар. Чет өлкөлүк миссия, миссионерлердин жана диний кайрымдуулук уюмдарынын ишмердигин иретке келтирүү керек. Ушундан улам диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жана өлкөдөгү диний кырдаалды мындан ары туура алып барууга укуктук негиз керек болгондуктан, диний мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл".
Мыйзам долбоорун кабыл алуу башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Атап айтканда, дагы беш мыйзамга өзгөртүү киргизилет.
Документке ылайык, диний негизде партияларды жана башка саясий уюмдарды түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.
Ошондой эле адамдын кийими аны идентификациялоого мүмкүндүк бериши керектиги айтылат. Башкача айтканда адам өзүнүн ким экендиги таанылгандай кийиниши керек. Мындан улам коомдо никаб менен паранжы кийүүгө уруксат берилбей турганы айтылууда.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда диний үгүт-насаатка байланышкан өзүнчө берене да киргизилген. Насаатчынын эсептик каттоосу деп аталган беренеде динге чакырып, үгүт жүргүзө турган адамдарга талаптар күчөтүлгөн. Насаатчы болуп жогорку жана атайын диний билими бар адамдар гана дайындала алат жана ал катталган диний уюмдун атынан иш алып барат, каттоодон өтпөгөн диний уюмдун атынан үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
ЖМКлар, интернет ресурстар, социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу үгүттөө иштерин жүргүзгөн диний ишмерлер диний уюмдун борбордук башкаруу органдарында аккредитациядан жана ыйгарым укуктуу органда эсептик каттоодон өтүүгө тийиш экени жазылган.
Диний чөйрөдө муфтияттын ролун бекемдөө боюнча жоболор да киргизилген.