Бишкектеги Gergert Sport дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергерт 2025-жылдын 4-февралына чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-декабрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда.
Атайын кызмат Виталий Гергертке козголгон иш тууралуу маалымат бере элек. Анын жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
2021-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы кийин жоюлуп кеткен) Gergert Sport дүкөнүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, дүкөндү жапкан.
Кийин убактылуу ачылып, көп өтпөй эле бажы төлөмдөрүнө байланыштуу кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) да карап дүкөндү кайра жапкан.
Виталий Гергерт Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына алынган.
Gergert Sport - Бишкектеги белгилүү дүкөндөрдүн бири. Ал жерде туризмге, спортко керектүү товарлар сатылат. Гергерт Виталий дүкөндүн юридикалык ээси эмес, ал жалпы ишкерликти башкарат. (BTo)
Дагы караңыз
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кеттиАракеттеги медиа платформасы бийликти адвокат Матцаковду бошотууга чакырдыБишкекте автоунаа токтотуучу жайы жок курулуштарга уруксат берилбейтТогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мектеби өрттөнүп кеттиКерчь кысыгында Орусиянын май ташыган эки кемеси кырсыкка кабылды