Бишкек шаарында ушул жылдын сентябрь айынан баштап салына турган көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бир автоунаа токтотуучу жайы болушу керек деген талап киргизилгени белгилүү болду.
Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, мындан ары беш кабаттан бийик үйлөрдүн жер төлөсүндө машине токтотуучу жайы болушу керек. Автотоктотмосу жок болсо бардык курулушка уруксат берилбейт.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин ушул жылдын июнь айында берген маалыматына ылайык, борбордо 416 миңден ашык автоунаа катталган. Мындан сырткары шаарга кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт каттайт. Ошол эле маалда калаанын жол өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң автоунаага гана эсептелген.
Борбордо транспорт маселеси, анын ичинде автоунаа токтотуучу жайлардын тартыштыгы негизги көйгөйлөрдүн бири. (BTo)
Дагы караңыз
Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мектеби өрттөнүп кеттиКерчь кысыгында Орусиянын май ташыган эки кемеси кырсыкка кабылдыИранда жылаң баш ырдаганы үчүн камалган кыз бошотулду АКШда сот TikTokту жабуу мыйзамын күчүндө калтырды Орусия менен Украина бири-бирин жардырууга айыптадыБишкекте пакистандык студенттер жол кырсыгына кабылып, эки киши кайтыш болду