14-декабрь күнү Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Жаңы жылдык балатыны жандыруу салтанаты өттү. Иш-чарага калаа башчысы Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев катышып, куттуктоо айтышты.
Майрамдын коноктору үчүн көңүл ачуучу программа даярдалып, ырчы-бийчилер өнөрлөрүн тартуулашты.
Мындан тышкары балдар үчүн мастер-класстар, анимация жана муз тебүү аянты уюштурулду. Ошондой эле түрдүү тамак-аш жана суусундуктар сунушталган аянтча ачылды.
Жаңы жылдык балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр.
Аянтты Жаңы жыл майрамына карата жасалгалоо үчүн шаар бюджетинен 1,5 млн сом бөлүнгөнү кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Президент Жапаров жарык кыска мөөнөткө өчүрүлүп турушу мүмкүн экенин айтты Тбилисиде нааразылык акциядан улам балаты күйгүзүү иш-чарасы өтпөдү "Умтулуу-2024": Журналисттердин эркин сынаган учурЖалпы түрк элдерин “кыргыз тилдүү” деп атоону илимге таңуулоо майнапсыз