Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда акыркы төрт жылда эле электр энергиясынын тартыштыгы дээрлик 1 млрд кВт саатка көбөйгөнүн айтты. Мамлекет башчы бул тууралуу “Кабар” агенттигине курган маегинде кыш-күрөөдө кыска мөөнөткө өчүп жатканы тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.
“Бизде электр энергиясынын дефицити азыркы учурда 3,9 млрд кВт саат. 2020-жылы биз бийликке келгенде эле кышкысын 3 млрд кВт. саат электр энергиясы тартыштык бар болчу. Бул эмнеден улам келип чыккан тартыштык? Анткени 30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес. 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 МВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда кышкысын мынчалык каатчылык болмок эмес”, - деди президент.
Мамлекет башчы кемчиликти толтуруу үчүн учурда ГЭСтер, шамалдан, күндөн энергия алуучу объектилер жапырт курулуп жатканын, бирок бул дагы тартыштыкты жое албай жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле электр энергиясынын баасы арзан болгондуктан аны үнөмдөө болбой жатканын кошумчалады.
“Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Жөнөкөй эле бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Мен муну көп жерден көрүп, “кереги жок бөлмөдөгү светти өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы”, деген президент мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер, жетекчилер, мектеп, бала-бакчалар да “мамлекет төлөйт” деген жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатышканын белгиледи.
Садыр Жапаровдун сөзүнө караганда, электр энергиясынын өздүк наркы 2,72 сом. Элге 1 сом 10 тыйындан сатылат. “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында 69 миң үй-бүлөгө электр энергиясын 55 тыйын менен берилет. Ошондой эле тоолуу аймакта жашаган 186 миң керектөөчү электр энергиясын чектөөсүз колдонуп, 1 сом 10 тыйындан төлөйт.
Энергетика министрлиги декабрь айынын башында электр энергиясын колдонуу тарыхый чекке жеткенин билдирип, элди сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.
Ага ылайык, 12-декабрь күнү 3 612 мегаватт электр энергиясы сарпталды, суткалык керектөө 78,931 млн кВт саатка жеткен. Ошол күнү Токтогул суу сактагычында да секундасына 932 метр куб суу иштетилип, эң жогорку чек болгон.
Акыркы күндөрү соцтармактарда электр жарыгы улам өчүп жатканына нааразылыктар арбын жазылууда. (ZKo)
Шерине