"Бейкүнөө камалып, алты ай абакта отурдум". Ташиевдин эскертүүсү, коомдогу сын-пикир

Камчыбек Ташиев. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин күнөөсүз адамды атайлап каматкан орган кызматкерлери жазаланары тууралуу эскертүүсүнөн кийин айрым активисттер өздөрү жапа чеккен окуяларды айтып чыгышты.  

Ташиев 13-декабрда Баткенде күч кызматкерлерине кайрылып, жогоркудай билдирүү жасаган. Жыйынтык үчүн иштөөнү токтотууну талап кылган. Ал буга чейин кимдер ак жеринен, атайын уюштурулган аракеттин негизинде камалганын тактаган жок.

"Подстава" кылып кармасаңар, жооп бересиңер

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 13-декабрда Баткен районунда УКМКнын жаңы имаратын жана чек арачылардын балдары үчүн курулган бакчанын ачылышында сүйлөп жатып, күнөөсүз адамды атайлап, алдын ала уюштуруп, кылмышка түртүп туруп камаган күч кызматкерлери жазаланарын эскертти:

"Бирөөнү атайлап, артынан түшүп, кылмыш кылдыртып, же болбосо жыйынтык үчүн "подстава" кылып кармап келсеңер, өзүңөр дагы жооп бересиңер. Андай кылбагыла, адамдын убалы жаман. Күнөөсүз адамды жоопко тартканды жоюшубуз керек. Жаңылып калууга, ката кетиргенге акыбыз жок. Адамдын өмүрү, тагдыры, жашоо-тиричилиги силердин алдыңарда турат. Үй-бүлөсүн, бала-чакасын зарлаткан, кыйналган абалга түшүрбөшүңөр керек. "Подстава" болгондор дароо эле көрүнүп калат. Ал байкуш эптеп эле бир үйдө жашайт, машинасы, ашыкча дүйнөсү деле жок, бирок аны кылмыш кылган деп камап салган учурлар болот. Ушундайлар болбосун".

УКМКнын төрагасы буга чейин кимдер ак жеринен, атайын уюштурулган аракеттин негизинде камалганын тактаган жок.

Ташиев буга чейин да өзүнүн кызматкерлери арасында мыйзамсыз иштерге аралашкандар бар экенин айтып, 2-3 кызматкеринин ишин иликтөөнү тапшырганын айтканы бар.

Атайын кызматтын жетекчисинин бул сөзүнөн кийин эле блогер Батмакан Жолболдуева мурда мыйзамсыз камалганын айтып чыкты.

Ал убактылуу кармоочу жайда отурганда кордолгонун, бирок тийиштүү жетекчилерге чара көрүлбөгөнүн билдирди. Жолболдуеваны өткөн жылы Баткен облустук соту журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз деп таап, актаган.

"Чынында "подстава" болгон. Ал боюнча акталдым. Алты ай отуруп чыктым. Ден соолугума зыян келтирилип эле эмес, зордуктоого да кабылдым, эки жолу... Райондук милициянын убактылуу кармоочу жайында... Ал эми жетекчилерге, күзөттө турган кызматкерлерге жөн эле "сөгүш" берип койду. Кенемте өндүрүү боюнча арыз жаздым, каралган жок", - деди ал.

Жолболдуева мындай билдирүүнү Фейсбуктагы баракчасына да жазган. Бирок укук коргоо органдары буга комментарий бере элек.

Жок жерден кылмыш иши козголуп, айыпталганын айткандардын дагы бири - журналист Эрмек Аттокуров. Ал Чүй облустук милициясы өзүнө карата атайылап иш уюштуруп жатканын ушул жылдын башынан бери жарыялап келет.

Журналист кошунасы үйүнө келип сабаганын, Чүй облустук милициясы чара көрбөй жатканын жар салган. Ошол окуядан кийин ИИМди, милиция кызматкерлерин социалдык тармактар аркылуу сындап жүргөн. Быйыл 9-февралда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Аттокуров Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен шектүү катары кармалганын кабарлаган.

Эрмек Аттокуров

"2023-жылы 31-майда Сокулук райондук милициясы мен жок эле кылмыш ишин козгогон. Мен кол койгон протоколдун баарын жасашкан. Муну ачыктап чыккандан кийин протоколду жасаган тергөөчү 8-февралда менин машинамдын багажына 100 миң сом салган. Ошону менен мени кайра камашкан. Менин Фейсбуктагы баракчамда баардык далил болуучу видеолор турат", - деди Аттокуров.

Аны Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен күнөөлүү деп таап, 20 миң сом айыпка жыккан. Жакында эле, 11-декабрда Бишкек шаардык соту райондук бул чечимди күчүндө калтырды.

Соңку кездери айрым активисттер, саясатчылар соцтармактардагы пикири үчүн ар кандай айыптар тагылып, жазага тартылган учурлар бар.

Маселен, Каныкей Аранова аттуу жаран фейк-аккаунттан жазылган билдирүү үчүн жоопкерчиликке тартылганын анын жакындары, адвокаттары жана журналисттер айтып жүрөт.

Кыргызстандан күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров маңзат пайдаланууга шек саналып кармалган. Ал өзүн кармоо учурунда чөнтөгүнө күч түзүмдүн кызматкерлери баңгизат салып койгонун маалымдаган.

Бул укук коргоо органдары атайлап кармады деген доомат коюлган жана коомчулукка белгилүү болгон иштер. Адатта милиция жана башка органдар мындай билдирүүлөрдү четке каккан маалыматтарды таратышат.

Атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында таза иштебегендер буга чейин да болгонун айтып, анын көпчүлүгү тиешелүү жазасын алганын белгиледи:

Артур Медетбеков.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери 33 жыл ичинде жакшы эле иштеп келди. Бирок арасында кээ бир ыплас иштеген кызматкерлер, орусча айтканда "подстанова, подстава, провокация" жасаган учурлар, кээ бирлерине баңгизат таштап, ар кандай шылтоолор менен кармап же болбосо финансылык каражат алган учурлар сейрек болгон. Мындайлар азыр дагы бар. Алардын көпчүлүгү кээде кармалып, кызматтык иликтөө жүрүп, анын негизинде жумуштан кеткен, төмөндөтүлгөн, иш козголгон учурлар бар".

Медетбеков айрым учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлери саясий оюндун курмандыгы болуп жатканын кошумчалады.

Эми атайлап уюштурулган иш менен байланышы бар кыйноо маселесине кайрылалы.

Бир да адам "Кыйноо" беренеси менен соттолгон эмес

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун 2023-жылдагы маалыматы боюнча, 2014-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта Кыргызстанда бир да адам "Кыйноо" беренеси менен соттолгон эмес.

Маалыматта айтылгандай, иликтөөлөр кыйноо боюнча кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу же актоо чечими менен аяктай турганын көрсөткөн.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова буларга токтолду:

Азиза Абдирасулова

"Конституция өзгөрүп, Кылмыш-жаза кодекси да өзгөргөндө Башкы прокуратурадан кыйноо боюнча ишти алып баруу Улуттук коопсуздук комитетине тапшырып коюшкан. Ошондон бери Улуттук коопсуздук кызматы бир дагы кыйноо фактысы боюнча арызды карап, кылмыш ишин козгоп, күнөлүүлөрдү жоопко тарткан жок. Эгерде Камчыбек Кыдыршаевич атайын кылмыш ишке айыптаганды, кыйноолорду токтотом десе, 2016-жылдан бери токтоп калган элдин арызы бар. Ошол иштерге кайрылып, жоопкерчиликке тартса сонун болмок".

Токтобогон кыйноолор

“Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталып, 3 жылга абакка кесилген акын Аскат Жетиген 20-мартта кармалгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жер төлөсүндө аны күч кызматкерлери кыйноого алганын билдирген.

Сегиз айдан бери абакта жаткан ишкер Имамидин Ташов УКМКнын кызматкерлери аны уруп сабаганын билдирген.

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Алымбек Мамытов деген жаран мурда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Кийин аны Акыйкатчы институту дагы тастыктаган.

Бул фактыларды Аскер прокуратурасы иликтеп жатканы айтылган менен, анын жыйынтыгы жарыяланган эмес.

Адатта атайлап уюштурулган иш же кыйноо тууралуу айтылгандарды күч органдары жокко чыгарып келет.