АКШ Украинага 500 млн долларлык аскердик жардам бөлөт

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Кошмо Штаттар Украинага 500 миллион долларлык жаңы аскердик жардам бөлөт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичине HIMARS зениттик-ракеталык комплекси үчүн ок-дарылар, Javelin танктарга каршы системасы, дрондор, учкучсуз аппараттарга каршы каражаттар, биологиялык, радиологиялык, химиялык куралдан сактануу каражаттары кирет.

Декабрдын башында Кошмо Штаттар Киевге 725 миллион долларлык аскердик жардам бөлгөн. Анда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон январь айынын ортосуна чейин Украинага "жүз миңдеген артиллерия жана миңдеген кошумча ракета жөнөтөрүн" айткан.

АКШнын мурдагы президенти Жо Байден Конгресс Украинага бөлгөн каражаттын баарын кызматтагы мөөнөтү аяктагыча Киевге берип үлгүрүүнү убада кылган. Азыркы күндө бул сумма 7,1 миллиард долларды түзөт.

Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамп Украинада согушту токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып келет.

Ал арада Орусиянын армиясы Украинанын энергожайларына абадан жапырт сокку урууну улантууда.

Дагы караңыз

Кац: Израил аскерлери Сириядагы Голан дөңсөөлөрүндө кыштын соңуна чейин болотСадыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерлер теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн айтты Коргоо министринин жардамчысы пара алууга шек саналып кармалды