Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:55

Коргоо министринин жардамчысы пара алууга шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Аскер прокуратурасы менен чогуу коргоо министринин жардамчысы, полковник О. У. Ж. аттуу жаранды пара алууга шек санап, кармады.

Мекеменин басма сөз кызматы 13-декабрда кабарлагандай, ал Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат берүү үчүн пара алуу") каралган кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Атайын кызмат шектүү акчалай сый акы үчүн Коргоо министрлигинин айрым аскер кызматкерлерин жогорку кызматтарга дайындоо жана жогорулатуу менен алектенгендиги текшерүү учурунда аныкталганын кошумчалады.

Маалыматта: "2024-жылдын 25-майында О.У.Ж., Бишкек шаарынын Аскер комиссариатынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери О.Т.Б.дан Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн комиссариатына которуу үчүн 100 000 сом алган", - деп жазылган.

12-декабрт күнү О.У.Ж. Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилген.

УКМК тарабынан күч тутумдарындагы коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында буга чейин Ички иштер министрлигинин, прокуратура кызматынын кызматкерлери кармалган учурлар арбын. Коргоо министрлигинин кызматкерлери буга чейин бул иш-чаралар алкагында кармалганы кабарланган эмес.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG