Немис жергесинин так борборунда "Плов Берлин" деген ашкана борбор азиялыктар эле эмес, жергиликтүү тургундар арасында да таанымал. 14 жыл мурун Германияга келген Сайкал Касымова ашкананы жердештери менен иштетет.
Адеп немис жерегесине билим алууга келген Сайкал эми ишкерлик менен алектенүүдө:
"Окуумду бүткөндөн кийин бул жакта калып калдым. Андан кийин жеке ишимди баштап, азыр ресторан иштетип атам. Германияда бизнес баштоодо сабырдуулук керек. Бюрократиялык учурлар кишини жүдөтүшү мүмкүн. Ошондуктан адегенде баарын изилдеп чыксаң бир топ жеңил болот".
"Плов Берлин" менен немис эли майрамдарда, дем алыш күндөрү өткөрүлгөн тамак-аш жарманкелеринде таанышкан.
Ошол учурда борбор азиялык ашканага болгон элдин кызыгуусун көргөн Сайкал ишин өнүктүрүп, ашкана ачууну туура көргөн.
Өткөн аптада Германиянын булуң-бурчунан келген ишкерлер Франкфурт шаарында өткөн бизнес-форумга чогулушту. Алар өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, жердештеринин немис жергесиндеги ишкерлик тууралуу суроолоруна жооп беришти.
Алардын бири Дастан Жалилов билим берүү тармагында ишкер, ”Bergmann” институтунун негиздөөчүсү. Аталган институт 2017-жылы ачылып, Ганновер шаарында жайгашкан.
"Германияда бизнес баштоо жеңил эле, бирок аны иштетип кетиш оор. Анткени Германиянын бюрократиясы абдан татаал. Системаны түшүнүү үчүн изилдеп, окуш керек. Мекемелерге барыш керек. Финансылык бюролорду кыдырыш керек. Юридикалык жактан да эксперттер менен иш алып барасың. Муну эске албасаң, ишиң астыга жылбайт".
Дастан Жалилов Германиядагы Потсдам жана Берлин университеттеринен саясат таануу боюнча жогорку билим алып, магистр даражасына ээ болгон. Ошондон улам да ал Германиядагы билим берүү тармагын жакшы билет.
"Мен өзүм башында немис тилин үйрөнүүдө кыйынчылыктарга туш болгом. Бара-бара немис тилин жакшы көрүп калдым. Ошондон улам чет элдик студенттерге немис тилин үйрөнүүгө жардам берүү менин хоббиме айланды. Университетти аяктагандан кийин Ганновердеги тил мектебинин директору болуп ишке орноштум. Акыры, 2017-жылы BERGMANN билим берүү институтун негиздеп, бир кездеги хоббим ишке айланды".
Форумда сүйлөгөндөрдүн дагы бири Асел Темиралиева-Майер кыргыз кол өнөрчүлүгүн Европада жайылткан жеке ишкер. Ал учурда кийизден буюмдарды жасап, аны сатуу менен алектенет. 2003-жылдан бери өзүнүн “Nomad’s Spirit” компаниясын жетектейт.
"Учурда “Messe Berlin GmbH” компаниясынын расмий өкүлүмүн. Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстанга байланыштуу долбоорлор мага карайт. Менин иш баштаганым жеңил болду. Бюрократиялык кыйынчылыктарга туш болгон жокмун. Чакан компания менен иш баштап, финансылык органдар менен да мамилем жеңил болду. Пандемиядан кийин көргөзмөлөргө чыкпай калдым. Бирок мени менен чыккан кол өнөрчүлөр өзүлөрү ийгиликтүү болуп калышты".
Ишкер айымдын Германияга келгенине 30 жылдан ашкан. Ал бул аралыкта Париж, Милан, Берлин жана Франкфурттагы көргөзмөлөргө катышып, кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн жана дизайнерлеринин кийиз коллекцияларын таанытып келет.
7-декабрда Германиянын Франкфурт шаарында Bildung Initiative Zusammenarbeit e.V. (BIZ) тарабынан уюштурулган бизнес-форум бир нече бөлүктөн туруп, ага 200дөн ашуун адам катышты.
Форумдун алгачкы бөлүгүндө спикерлер Германияда билим, тамак-аш жана соода тармагында бизнес ачуунун жолдорун, кыйынчылыктарын жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча өз мисалдары менен бөлүштү. Уюштуруучулардын бири Калыгул Жунушбеков спикерлерди тандоодогу критерийлерге токтолду.
"Тандоо учурунда Кыргызстандан бир нерсе алып келип, Германияга саткандарга көңүл бурдук. Ошонун негизинде кийиз алып келип саткан ишкер аялды чакырдык. Билим берүү тармагындагы актуалдуу маселесин талкуулоо үчүн дагы бир мекендешибиз келди. Андан кийин тамак-аш тармагында бизнес ачкандар да азыр көбөйдү. Бул жакта мекендештер арасында кантип ашкана же ресторан иштетем деген суроолор көп экен. Кыргызстандык мекендештер бизнес тармагында көбөйгөнү диаспора үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн да жакшы".
Жыйынтыктоочу бөлүктө ишкерликке жол темасында талкуу өтүп, катышуучулар бизнес план түзүү жолдору жана стратегия тууралуу сөз кылышты.
Германияда расмий түрдө 10 миңге жакын кыргызстандык жашайт. Бейрасмий маалыматтарга караганда кыргызстандыктардын саны мындан көп. Алардын басымдуу бөлүгү бул өлкөгө түрдүү программалар менен келген жаштар.