"Коом стереотиптен арылса дейбиз". Майыптардын тагдыры спектаклде

Спектаклде көзү азиз, кулагы начар уккан жана башка майып кыз-келиндер роль жаратышты. Алардын бири дагы мурда-кийин сахнага чыгып көргөн эмес. Ошентсе да алар койгон спектакль көрүүчүлөрдүн купулуна толгонун байкоого болот.  

Спектакль жеке ишкер Нишана Жээналиеванын баяны менен башталды. Нишана манжалары жок болуп төрөлгөндүктөн, коомчулук тарабынан басмырлоого кабылганын баяндап жатты.
 

Нишана Жээналиева (оңдон экинчи):

"Менде баары сонун, чакан тамактануу жайым бар. Ал жерди өзүм ачкам. Кээде кардарларды өзүм тейлегенге туура келет. Бирок айрым адамдар менин манжаларым жок экенин байкап, ачуу сөздөрдү айтышат".   

Спектаклдин режиссеру Александра Багдасарова: 

"Биз команданы чогултканда, ар кимибиз ар кайсы тилде сүйлөп жаттык. Орус, англис же кыргыз тилинде сүйлөшүү эмес, тескерисинче, бирөө укпайт, бирөө такыр көрбөйт, дагы бирөө кишилерден оолак болгусу келип атты. Бул абдан оор болду. Бирок бири-бирибиз менен батыраак тил табышыбыз керек эле. Сахнада бир да тажрыйбалуу актёр, актриса болгон жок. Ролдордун баарын майыптыгы бар адамдар өздөрү аткарды. Мен азыр командам менен сыймыктанып турам".

23 жаштагы Алия Юлдашева (оңдон үчүнчү) спектаклге атасы Эркиндик Юлдашев менен чогуу катышты.  

"Алия төрөлгөндө шал деген диагноз коюлган. Аны дарыгерлер Токмоктогу балдар үйүнө өткөруп берип салгыла, силерге кыймылдабаган баланын эмне кереги бар деп айтышкан. Бирок биз кызыбызды бутка тургуздук. Эми минтип ал театрда роль жаратып жатат. Театрда роль жаратуу оорбу, кыйынбы билбедим, бирок биз кызыбыз үчүн баарына даярбыз. Кызым сахнада өзүн эркин сезиши үчүн мен да бул спектаклге катыштым", - деди Алиянын атасы. 

Арткы фондо Алия атасы менен. 

"Башында чоң сахнага чыгуу коркунучтуу болду. Бирок репетициялар мага абдан жакты. Биз ар кандай эмоцияларды баштан өткөрөбүз: ыйлайбыз, күлөбүз, таң калабыз, жаңы нерселерди үйрөнөбүз, бири-бирибизди колдойбуз. Репетициялар терапия сыяктуу болуп жатты. Биз баарыбыз курбу болдук, айрыкча Кундуз жана Нишана менен мамилем жакшы. Мен эми айрым сөздөрдү жаңсоо менен айта алам", - дейт Алия. 

Спектакль майыптыгы бар адамдар тууралуу стереотиптерди бузууга багытталган.

Жайнагүл Абдусалам кызы спектаклдин аягында Султан Раевдин "Оо, кыздар"  спектаклинен монолог айтты. Бул учурда теарды жымжырттык каптап, көрөрмандардын көпчүлүгү көзүнө жаш алды. 

Элвира Самарбек кызы үч баланын апасы. Көзү азиз келин таяк менен басканды үйрөнгөнүн, башка кыялдарын сахнада баяндап турду: 

- "Феномен" фондунун жетекчиси  "ушундай спектаклге ким катышат?" деп сурап калды эле, мен катышкым келди. Өзүмдү сынап көргүм келди. Бул менин биринчи тажрыйбам болду. Сахнада мен өзүмдүн күнүмдүк жашоодогу окуяларымды бөлүштүм. Мен спектакль аркылуу оюбузду адамдарга жеткирдик деп ойлойм. 

Спектакль учурунда роль ойногон кыз-келиндер калоо-тилектерин, кыялдарын кагазга жазып, кагаздан учак жасап учурушту. Ал кимдин колуна түшсө, ошол көрүүчү көпчүлүккө окуп берди.

Элвира өзүнүн базардагы окуясын айтып жатат: 

"Бир жолу базарда таяк менен жол таап баратсам, бир киши таягымды так ортосунан кокустан сындырып алып, кетип калды. Мен ошол жерде туруп 20 мүнөттөй ыйладым. Анткени таяксыз мен бир кадам да баса албайм. Менин ыйлаганымды көрүп, ошол жердеги адамдар таягымды желим баштык менен ороп кураштырып колума карматышты. Сынык таяк менен эптеп үйгө жеттим". 

БУУнун Өнүктүрүү программасы майыптыгы бар адамдарды чечим кабыл алуу процесстерине жана инновацияларга активдүү тартууга чакырат. 

Майыптыгы бар аялдар күнүмдүк турмушунда туш болгон тоскоолдуктарды жоюу жана коомго маалымат берүү максатында спектаклдин коюлушуна колдоо көрсөткөн. 

Бишкектеги Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театры «ШИРЕ-ШЕРИ-НЕ» деп аталган спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады. Ролдорду майыптыгы бар 12 кыз-келин жараткан. 40 мүнөткө созулган спектаклде кыз-келиндер өздөрүнүн майыптыгы жана жынысы боюнча дискриминацияга кабылганы тууралуу баяндайт.