Ички иштер министрлиги (ИИМ) 11-декабрда Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган адамдар менен белгисиз кишилердин ортосундагы окуя тууралуу маалымат берди.
Министрлик төрт шектүү 20 жана 28 жаштагы эки адамга кол салып, алар анын алдында банктан алып чыккан 31 млн 264 миң рубль акчасын тартып алып изин жашырып кеткенин кабарлады.
Шектүүлөөр каражатты алгандан кийин жасалма номур тагылган Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен. Алар бул машинени Чуйков көчөсүнө калтырып, чет элдик номурлуу “Лада” үлгүсүндөгү башка автоунаа менен изин жашырган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделип жатат. Ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) көзөмөлүнө алды.
Жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, керектүү жардам көрсөтүлгөн. Алардын колу жана бети кесилген.
Окуя тартылган видео социалдык тармактарда тарап жатат. Видеодо төрт адам эки кишини сабап, кийин көк түстөгү автоунаага отуруп качып кеткенин көрүүгө болот. (BTo)
Дагы караңыз
Гимнди өзгөртүү боюнча мекемелер аралык комиссияга сегиз депутат кирдиУКМК экс-депутат Султан Урманаев кармалганын билдирдиКадыров Грозныйга дрон менен сокку урулганын билдирдиҮй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылгандардын 96% аялдар түзөтПарламент дин боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду2024-жылдын он айында Кыргызстанга сырттан 2,5 млрд доллар которулду