Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Кадыров Грозныйга дрон менен сокку урулганын билдирди


Грозный. Иллюстрация
Грозный. Иллюстрация

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Грозныйдагы полициянын атайын полкунун казармасына дрон менен сокку урулганын билдирди. Анын телеграм-каналындагы постунда төрт кайгуул аскери жабыркаганы, терезелер күбүлүп түшкөнү, кичинекей өрт тез өчүрүлгөнү айтылат.

Чечен башкалаасы 12-декабрга караган түнү чабуулга туш болгону тууралуу бир нече маалымат каражаты, арасында жергиликтүү оппозициялык 1ADAT басылмасы кабарлады.

ВЧК-ОГПУ телеграм-каналы бир жарылуунун видеосун жана соккунун кесепети тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Кадрлардын биринде чатырдагы чоң тешикти, кара түтүндү көрүүгө болот.

Буга чейин Грозный эки ирет пилотсуз учактардын соккуларына кабылган.

Өткөн аптада бир дрон полициянын базасына тийген. Кадыров жапа чеккендер болгонун айтып, санын тактаган эмес.

Ага чейин октябрдын аягында Гудерместеги «атайын багыттагы полициянын университетинин» чатыры өрттөнгөн. Жабыркагандар тууралуу маалымдалган эмес. Бирок социалдык тармактардын чечен сегментинде Ахмат Кадыров атындагы атайын полктун командири Замид Чалаевге сакайып кетүү каалоолору тарап жатты.

Кадыров Грозныйга коюлган соккуларга катуу реакция кылат. Биринчи соккудан кийин анын Украинада согушуп жаткан чечен бөлүктөрүнө украин жоокерлерин туткунга албоо көрсөтмөсүн бергени бар. Бирок бир нече күндөн кийин аны жокко чыгарганын айткан. Өткөн жумада чечен башчысы украин туткундарын Грозныйдагы стратегиялык жайлардын чатырларына жайгаштырып, тирүү калкан катары колдонуу пландары менен бөлүшкөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембиде эртең менен Чеченстандын аймагында бир дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Украина орус аймактары соккуларга туш болгон окуяларды адатта комментарийлебейт.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG