Хакала "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстан менен Еврошаркеттин кызматташтыгы, адам укугу, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшү, Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга салган санкцияларына байланыштуу Борбор Азия мамлекеттерине артылган жоопкерчилик тууралуу ой бөлүштү.
"ЕБ Кыргызстан менен алакада адам укугуна өзгөчө маани берет"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала Бишкекке келип, кыргыз бийлиги менен жолугушууларды өткөрдү. Анда Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгы талкууланды.