Аба ырайы: Күн суук болот

12-декабрга караган түндө абанын табы өрөөндөрдө -10…-15°, тоолуу аймктарда -30…-35° градуска чейин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

12-декабрда күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкусүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14°, күндүз 0…-2° суук болот.

Дагы караңыз

Запорожьеге жасалган чабуулдун курмандыктары өстүУКМК төрагасы Темирлан Султанбеков боюнча суроого жооп бердиПарламенттеги суроолор: Чек ара, коррупция, бюджет жана бийликке сын Ташиев: Армения, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине барТөрага Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейтСирияда убактылуу өкмөттүн башына Мухаммед ал-Башир дайындалганы кабарланды