Украинанын Запорожье шаарына жасалган орусиялык ракеталык чабуулдун курмандыктарынын саны алты адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат өзүнүн Telegram каналында билдирди.
«Учурда Запорожьеге жасалган чабуулдун натыйжасында алты адам каза болгондугу, 22 адам жаракат алганы белгилүү. Куткаруу жана авариялык иштер уланууда», – деп айтылат билдирүүдө.
10-декабрда орусиялык күчтөр Запорожьеге сокку урган.
Орусиялык аскерлер украиналык аймактарды үзгүлтүксүз түрдө ар кандай куралдар менен — чабуул коюучу дрондор, ракеталар, КАБдар жана РСЗО системалары менен аткылоону улантууда.
Орусиянын жетекчилиги согуш учурунда армия украиналык шаарлардын жана айылдардын жарандык инфраструктурасына атайын сокку уруп, жайкын тургундарды өлтүрүп, оорукана, мектеп, бала бакча, энергетикалык жана суу камсыздоо объекттерин талкалап жатат деген айыптоолорду четке кагууда.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул чабуулдарды Орусиянын согуштук кылмыштары катары мүнөздөшүп, алардын атайын мүнөзгө ээ экендигин баса белгилешет.
Шерине