Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча документ ЖКга январда киргизилерин айтты

Саймумин Ятимов жана Камчыбек Ташиев. Баткен. 4-декабрь, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айында киргизилерин айтты.

Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал “чек арага байланыштуу маселе ачык-айкын талкууланат” деп убада берди.

“Тажикстан менен чек араны толук такташып, макулдашууну бүтүрдүк. 11-декабрда картографияны сызып даярдап баштайбыз. Бардыгы ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Кудай буюрса чек ара эки тараптуу, достук келишимде чечилди. Чек ара чечилгенде “сен уттуң, мен уттум” деген болбойт”, - деди ал.

4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.

Эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (BTo)

Дагы караңыз

“Бийликти күч менен басып алуу” иши боюнча дагы бир мурдагы прокурор кармалдыКожо Жоэл Кыргызстандын мыкты футболчусу аталдыДепутат Масалиев коррупциядан өндүрүлгөн каражат ачык болушу керектигин айттыБишкекте автобуста жол кире төлөбөгөндөр 1000 сом айыпка жыгылатЭнергетика министрлиги Зардалыга электр жарыгы берилгенин билдирдиНетаньяху коррупция иши боюнча сотто көрсөтмө бере баштадыМамдумада орусча билбеген балдарды мектепке албоо долбоору биринчи окууда өттү