Шейшемби күнү эртең менен Херсон облусундагы Отрадокаменка айылында дрон чабуулунан 74 жаштагы аял каза тапты. Облустук прокуратура адам өлүмүнө алып келген согуш кылмышы боюнча тергөө баштады.
Херсондун аймактык жетекчиси Александр Прокудин акыркы 24 саатта орус армиясынын аткылоосунан бир киши набыт болгонун, жетөө жараат алганын, көп кабаттуу үч турак жай жана сегиз жер там зыян тартканын билдирди.
Украин армиясынын өкүлү Владислав Волошин украиналык медиага орус аскерлери Запорожьеде ири чабуулга даярданып, Днепропетровск облусунун чегине карай жылуу аракетин көрүп жатканын айтты.
Анын айтымында, каршы тарап танк, чопкутталган техниканы колдонуп келатат.
Ал арада Орусиянын Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин аскердик аэродомго бет алган дрондордун чабуулу үзгүлтүккө учураганын билдирди.
«Свобода» радиосу жазгандай, губернатор кайсы аэродром бутага алынганын тактаган жок. Буга чейин бомба таштаган учактар жайгашкан Энгельс шаарындагы аскердик аэродром бир нече жолу чабуулга туш болгон.
Орусиянын Коргоо министрлиги Саратовдо учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнү тууралуу маалымат бере элек.
Украина Саратовдогу чабуул тууралуу комментарий бербеди.
Дагы караңыз
"Жыйырма алты күн". Абактагы Султанбеков ачкачылык кармоону улантууда Кыргызстан Ооганстанга адис даярдап береби?