Израил Сириядагы аскердик жайларга сокку урду

Дамаск Израилдин соккусунан кийин. 9-декабрь, 2024-жыл

Адам укуктарына байкоо салган Сирия обсерваториясы (SOHR) деген уюм шейшемби күнкү билдирүүсүндө Израил “Сириядагы маанилүү аскердик жайларды талкалаганы” айтылат. Президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Израил аннексиялаган Голан дөңсөөлөрүндөгү буфердик зонага аскерлерин (ЦАХАЛ) жайгаштырган. Тел-Авив муну “коопсуздук чарасы” катары түшүндүрдү.

Лондондо жайгашкан уюмдун маалыматына ылайык, ЦАХАЛ Сириянын аскердик дараметин талкалоо үчүн эки күндүн ичинде ал өлкөнүн аймагына “250дөй авиасокку урду”. Атап айтканда, Сириянын бир нече провинциясында аэропорттор, курал-жарак кампалары, радарлар, авиациялык эскадрилялар бутага алынды.

Шейшембиде эртең менен Дамаскта жарылуулардын добушу угулуп жатканын AP агенттиги кабарлады.

Израилдин Сириянын ири авиабазаларына сокку урганын "Рейтер" агенттиги жана "Ал-Арабия" телеканалы да маалымдашты.

8-декабрда ЦАХАЛ 1973-жылдан бери биринчи жолу демилитаризациялык чек ара тилкеинен өтүп, израилдик жана сириялык аскерлердин позицияларынын ортосундагы Голан дөңсөөлөрүндөгү буфердик зонага кирген. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху армия айланадагы “стратегиялык позицияларды” да ээлегенин билдирген.

Вашингтон дагы акыркы күндөрдө “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жайларына 75тей сокку урду. АКШ Асаддын кулашынан кийин башаламандыкка баткан өлкөдө алар артыкчылыкка ээ болот деп чочулайт. Сирияда 10 жылдан бери америкалык база жайгашкан.

Ал арада Дамасктагы азыркы бийлик кырдаалды стабилдештирүү аракетин көрүүдө.

АКШ жана дагы бир нече өлкө террордук деп тааныган “Хайят Тахрир аш-Шам” уюму баштаган козголоңчулар 9-декабрда Асаддын тушунда армияга алынган аскерлердин бардыгына мунапыс бергенин жарыялады.

Дагы караңыз

ЖКнын дагы үч комитети дин боюнча мыйзам долбоорун колдодуСаратовдун губернатору аскердик аэродромго дрон чабуулу болгонун билдирди