10-декабрда Жогорку Кеңештин үч - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Ушул эле документти парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети да биринчи окууда жактырган.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов Кыргызстанда 3626 мечит, медресе бар экенин, акыркы үч жылдагы текшерүүдө алардын 1000ден көбү мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталганын билдирди. Ал мыйзам долбоору кабыл алынса диний жайлар тиешелүү мекемелердин уруксаты менен гана куруларын айтты.
Министрлер кабинети сунуштаган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” документте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга тыюу салынары жазылган. Жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды, анын ичинен жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга болбойт.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат.
Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкууга койгон. Коомдо бул документке байланыштуу талаш-тартыш болуп, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Документти сөз болуп жаткан топ кайра иштеп чыкты. (BTo)
Шерине