Коомдук ишмер Алмакан Найзабекова дүйнөдөн кайтты

Алмакан Найзабекова

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директорунун орун басары, "Борбордук Азиянын маданият жана искусство тармагы" (ЦАСКИ) коомдук уюмунун директору, "Оймо" эл аралык фестивалынын уюштуруучусу, Эл аралык музейлер комитетинин (ICOM) мүчөсү, коомдук ишмер Алмакан Найзабекова 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 9-декабрда кабарлады.

Алмакан Найзабекова 1952-жылы 25-октябрда төрөлгөн.

Ал Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин англис тили филологиясы боюнча аяктаган.

1974-1976-жылдары Нарын облусундагы «Оттук» орто мектебинде англис тили мугалими болуп иштеген. 1976-1994-жылдары Г. Айтиев атындагы музейде экскурсия бөлүмүнүн кызматкери, 1986-жылдан тартып көркөм сүрөт искусствосун жайылтуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1994-жылдан тартып Тынчтык корпусунда иштеген.

2012-2013-жылдары Кинематографисттер союзунун коомдук байкоо кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турган. Ошондой эле «Сорос - Кыргызстан» фондунда программалардын координатору болуп эмгектенип, «Мөлтүр булак», «Курак», «Жибек жолунун обондору», «Курак салты», «Нооруз» эл аралык фестивалдарын координациялаган.

«Борбордук Азиянын маданият жана искусство тармагы» (ЦАСКИ) коомдук уюмунун директору катары Борбордук Азия аймагындагы тармактык долбоорлорду башкаруу жана маданият саясаты боюнча Маданият министрлиги менен кызматташууну өнүктүрүү иштерин алып барган.

Алмакан Найзабекова музей иши, кураторлук жана коомдук ишмердүүлүк менен активдүү алектенип, өлкөбүздүн маданияты жана искусствосун өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошкон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Г. Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинин жана башка эл аралык жана коомдук уюмдардын көптөгөн ардак грамота, диплом жана ыраазычылык каттары менен сыйланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Улуттук банк валюта базарына 88 млн доллар саттыКыргызстанда чет өлкөлүк мигранттар жаңы жобо менен иштейт"Элүү жылдык эзүүдөн кутулдук". Сириядагы кырдаалЖурналист Адыл Акжол уулунун кылмыш иши токтотулуп, эркиндикке чыктыСот Райымбек Матраимовго 100 миң сом айып салып, абакка кескен жок