Улуттук банк 9-декабрда кезектеги интервенция жүргүзүп, валюта базарына 88 млн доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.
Ушуну менен өлкөнүн башкы банкы жыл башынан берки 24-интервенциясын жасады. Анын көбүндө долларды сатып алып келген болсо, акыркы айлардагы интервенциялары доллардын курсун бир калыпта кармоо максатында жүргүзүлдү.
Ноябрь айында Улуттук банк үч жолу интервенция жасап, базарга жалпы 223 миллион 300 миң доллар саткан. Октябрь айында эки жолку интервенция учурунда валюта рыногуна 109 млн 600 миң доллар чыгарган.
Ушул тапта доллардын расмий курсу 86 сом 80 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 86 сом 80 тыйындан сатып алынып, 87 сом 20 тыйындан сатылууда.(ZKo)
Шерине