Грузин ИИМи Тбилисидеги митингдерде 400дөн ашуун киши кармалганын билдирди

Өкмөткө каршы митинг. Тбилиси, 8-декабрь 2024-жыл

Тбилисиде евроинтеграцияны жактаган митингдерде 28-ноябрдан бери 400дөн ашуун киши кармалды.

Бул тууралуу жекшембиде Грузиянын ички иштер министринин орун басары Александр Дарахвелидзе билдирди. Ал 30 киши кылмыш жообуна тартылганын, 372сине административдик иш козголгонун тактай кетти. Андан 100дөн ашуунуна айып пул салынды.

Дарахвелидзе митингчилер тартип коргоочуларга каршы пиротехника жана "Молотов коктейлдерин", темир, жыгач союл колдонгонун, 150дөн көп полициячы жабыркаганын белгиледи.

Буга чейин 400 кишинин кармалганын аларга укуктук жардам берип жаткан Transparency International укук коргоо уюмунун Грузиядагы бөлүмү маалымдаган. Алардын маалыматында 350дөн ашык кишиге административдик айып тагылган, 26сына кылмыш иши козголгон. Укук коргоочу уюм 300дөн ашууну кыйноолорго, ырайымсыз мамилеге кабылганын билдирген. 80 кишиге кармалгандан кийин ооруканада дарылануу зарыл болгон.

Кармалгандар арасында оппозиция өкүлдөрү да бар.

«Кавказ жаңырыгынын» жазганына караганда, евроинтеграциянын тарапкерлери аларга белгисиз номерлерден коркутуулар түшүп жатканын билдиришти.

Грузияда бул жолку митингдер 28-ноябрда премьер-министр Ираклий Кобахидзе Еврошаркетке кирүү сүйлөшүүлөрүн 2028-жылга чейин токтотуу чечими кабыл алынганын жарыялагандан кийин тутанган.

Митингдер учурунда кагылышуулар да катталып келатат.

Дагы караңыз

Жаактан балерина, териден маңкурт. Нарындын өнөрпоздоруАйдоочунун ачуусу, жолдо калган аткаминер