БУУ Сириядагы абалды талкуулайт

Дамаск шаары. 2024-жыл, 8-декабрь

БУУнун Коопсуздук кеңеши 9-декабрда Сириядагы абал боюнча чукул жыйын өткөргөнү жатат. Орусиянын демилгеси менен чогулган сессия жабык эшик артында өтмөкчү.

Орусиялык маалымат каражаттары кабарлагандай, Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асад үй-бүлөсү менен Москвага учуп барып, баш калка алды. АКШнын администрацисы бул маалыматты бышыктай албасын, бирок ага ишенбөөгө негиз жоктугун белгиледи.

Москва Асаддын режимин колдоп, Сирияда эки аскердик базасын кармап келатат.

Медиа Сириянын борбору Дамаскта дүйшөмбү күнү аба соккуларынын добушу угулуп жатканын жазышты. Бирок ким аткылаганы белгисиз. Ага чейин "Рейтер" агенттиги Израил жекшембиде Дамаскка үч сокку урганын маалымдаган.

Жекшембиде Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын башчылары Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан. Сирияны элүү жылдан бери Асаддын үй-бүлө мүчөлөрү башкарып келди.

АКШ жана дагы бир нече өлкө террордук деп тааныган "Хайят Тахрир аш-Шам" деген суннилердин ашынган исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде Алеппо баштаган бир катар шаарларды өз карамагына алууга жетишкен.

Топтун башчысы Абу Мухаммед ал-Жулани Сириядагы азчылыктар басмырланбайт деп билдирди.

Бирок согушкерлердин “Ал-Кайида” террордук уюму менен байланыштары, адам укуктарын ыктымал бузуусу тынчсыздануу жаратууда.

“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өздөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.

Сириядагы согуш 12 жылга созулду. Асад режимин Орусиядан тышкары Иран жана АКШда террордук деп таанылган "Хезболла" уюму колдойт. Көтөрүлүшчүлөргө Түркия жана АКШ жардам берип келген.

Эл аралык коомчулук Сириядагы күчтөрдү стабилдүүлүккө чакырууда.

Дагы караңыз

Айдоочунун ачуусу, жолдо калган аткаминерСирия: Козголоңчулар Дамаскты алды, Асад кайда экени белгисиз"Үй-бүлөсү менен Москвада". Бийликтен кулатылган Асаддын дайыны Орусиядан чыкты