Трамп Украинага аскердик жардам азаярын эскертти

АКШ жана Украина президенттери. Париж, 7-декабрь 2024-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп NBC телеканалына берген кеңири интервьюсунда Украинадагы согушка чекит коюунун үстүнөн “жигердүү иштеп жатканын”, аны “колунан келсе” токтоторун белгиледи. Ал кызматка киришкенден кийин Киев Жо Байдендин администрациясы тушундагыдай көлөмдөгү жардам албай калышы ыктымал деп кошумчалады.

Жекшембиде Трамп украин президенти Владимир Зеленский менен кездешүүдөн кийин Орусияны жана Украинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө чакырып, тараптар согушта жүз миңдеген киши жоготконун айткан.

Шайлоо кампаниясы учурунда Трамп урушту «24 саттын ичинде», 20-январдагы инаугурацияга чейин токтоторуна убада кылган. Бирок кандай жол менен экенин ачыктаган эмес.

Ал АКШ НАТОдон чыгышы мүмкүн деген сценарийди жокко чыгарбасын, өнөктөштөр альянсты жетиштүү деңгээлде каржыласа, өлкө кала берерин белгиледи.

Трамп биринчи президенттик мөөнөтү учурунда өнөктөштөрүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө чакырып келген.

Дагы караңыз

Салык кызматынын камактагы төрагасы Абдувапов кызматтан убактылуу четтетилдиСирия: Козголоңчулар Дамаскты алды, Асад кайда экени белгисизРумынияда Бухарестке бараткан бир нече куралчан адам кармалды