Румынияда президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Кэлин Жоржеску.

Румыниянын Конституциялык соту президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим экинчи турда жүрүп жаткан мөөнөтүнөн мурда добуш берүү учурунда кабыл алынды. Бул тууралуу 6-декабрда "Азаттыктын" румын кызматы жазды. Маалыматка караганда, Конституциялык соттун чечими арызданууга жатпайт.

Соттун чечимине ылайык, Румынияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы кайрадан өткөрүлөт. Бул тууралуу толук маалымат жарыялана элек.

24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда "Румындарды бириктирүү үчүн альянс" (AUR) ашынган оңчул партиясынын мүчөсү болгон, Европа Биримдигин жана НАТОну сындап жүргөн Кэлин Жоржеску жеңишке жеткен.

4-декабрда Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган. Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия ТикТокто Жоржескуну колдогон кеңири кампания жүргүзгөн.

Орусия буга чейин Румыниядагы шайлоого кандайдыр бир тиешеси бардыгын четке кагып келген.

Экинчи турда Жоржеску "Румынияны сактоо союзу" либерал партиясынын талапкери, 2020-жылдан бери Кымпулунг шаарын башкарып келаткан, биринчи турда добуштардын 19,18% алган Елена Ласкони менен ат салышмак. (AiA)

Дагы караңыз

"Президент калкына карасанатайлык кылды". Сеулда саясий кризис улануудаТүштүк Корея: Президентке өз партиясы каршы чыкты Ташовдун соттогу аракети эмнеден кабар берет? Кечки Азаттык (3-чыгарылыш)