“Арабаев - Жети күн” деп аталган спектаклди Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры сахнага алып чыкты. Чыгармада агартуучу Арабаевдин өрнөктүү өмүрү менен катар өткөн кылымдын 20-жылдарында кыргыз мамлекеттин кайра калыбына келтирүү аракети, бут тосуулар жана кыл чайнашкан күрөштөр да баяндалган.
Арабаевдин тагдыры сахнада
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сталиндик кандуу репрессиянын курмандыгы болгон белгилүү мамлекеттик ишмер, агартуучу, кыргыз тилиндеги алгачкы Алиппенин автору Ишеналы Арабаевдин тагдырын чагылдырган спектакль борбордогу көрүүчүлөргө тартууланды.