Чүйдө кыз ала качууга шектелип үч киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Жайыл районундагы "Сосновка" өткөрмө бекетинен 5-декабрда кыз ала качууга шектелип 28 жаштагы эки, 30 жаштагы бир киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда саат 21:30 чамаларында Бишкек шаарынан белгисиз жарандар 24 жаштагы кызды ала качып кеткени жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, шектүүлөрдү саат 23:30 чамаларында "Сосновка" өткөрмө бекетинен кармашкан. Кармалгандар Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматына жеткирилген.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш. Мындай кылмышы далилденгендер Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин биринчи бөлүгү (“Никеге туруу үчүн адамды ала качуу”) менен беш жылдан жети жылга чейин, экинчи бөлүгү (“Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу”) менен жети жылдан он жылга чейин абакка кесилет. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган. (TSh)

Дагы караңыз

Экс-спикерлерге жеңилдиктерди берген мыйзам долбоору сунушталды