Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:10

Экс-спикерлерге жеңилдиктерди берген мыйзам долбоору сунушталды


Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов.
Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов.

Парламенттин мурдагы спикерлерине “Жогорку Кеңештин экс-төрөгасы” деген макам берилип, бир катар жеңилдиктер каралган мыйзам долбоору сунушталды.

Документте “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамы “Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы” деген берене менен толукталып, бул макамга ээ болгон өзүнө жана аялына дипломатиялык паспорт алуу, аэропорт, темир жол бекеттеринен расмий кызматкерлери үчүн залдарды акысыз пайдалануу, акысыз медициналык кызмат алуу жеңилдиктери каралган.

“Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы” макамы өмүр бою сакталат жана соттолгон учурда токтотулат. Мыйзам долбоорунун негиздеме катында “Жогорку Кеңештин кадыр-баркын жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөт, ошондой эле Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагалардын кандайдыр бир деңгээлде социалдык жактан коргоону камсыз кылат” деп жазылган.

Мыйзам долбооруна депутаттар Улугбек Ормонов, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Бактыбек Сыдыков, Исхак Масалиев, Марлен Маматалиев демилгечи болушкан.

Кыргызстан эгемендик алганы парламентти 21 төрага башкарды. Азыркы спикер - Нурланбек Шакиев. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG